Кредиттин кайсы бөлүгүн «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиги менен жабууга болот?

«Кепилдик фонду» ААК Кыргызстандын банк секторунда кредиттик тобокелдиктерди минималдаштыруунун маанилүү инструменти катары кызмат кылат, ошондой эле кичи жана чакан бизнес үчүн кредиттердин олуттуу суммаларын жабууну камсыздайт.

Кредиттин кайсы бөлүгүн «Кепилдик фонд» ААКтын кепилдиги менен жабууга болот?

«Кепилдик фонду» ААКсы кичи жана чакан бизнестин банктык кредиттерди алуусуна жана бизнес-долбоорлорду ишке ашыруусуна көмөктөшөт, ошондой эле жумуш орундарын түзүүгө салым кошот. 

«КФ» ААКсынын кепилдиги ишкердин кредиттик суммасынын 50% чейин жабышы мүмкүн. Бул, эгерде карыз алуучунун өзүнүн күрөөсү жетишсиз болсо, Фонд банк алдындагы кредиттик милдеттенмелердин бир бөлүгүнө кепилдик бере алат дегенди билдирет. 

Мисалы, эгерде ишкер 10 миллион сом насыя алса, анда «Кепилдик фонду»  ААКсынын кепилдиги 5 миллион сомго чейин болушу мүмкүн. 

Демек, кепилдик банктын тобокелдигин жарым-жартылай жаап, насыяны берүү ыктымалдуулугун жогорулатат жана ишкерге күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда да каржылоо алууга мүмкүндүк берет.

«Кепилдик фонд» ААКсынын филиалдары өлкөнүн алты облусунда иштейт, ал эми кепилдик камсыздоосу менен бизнести өнүктүрүүгө кредиттер Кыргызстандын бардык аймактарында берилет.

«Кепилдик фонд» ААКсы республиканын бизнесин колдоо боюнча ишмердүүлүгүн баштагандан бери кепилдиктердин камсыздоосу менен  берилген каражаттардын кайтарымдуулугунун жогорку көрсөткүчүн сактап келет. Фонд тогуз жыл катары менен кепилдиктердин кайтарымдуулугунун дээрлик 100% көрсөткүчүн сактап келүүдө

#GMW2026KG 

#GMW2026 

#GlobalMoneyWeek2026 

#SmartMoneyTalks

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.