Курс USD 87.17 / 87.64
Курс EUR 101.41 / 102.41
Курс RUB 1.087 / 1.113
Курс KZT 0.141 / 0.173
USD USD
87.17 / 87.64
EUR EUR
101.41 / 102.41
RUB RUB
1.087 / 1.113
KZT KZT
0.141 / 0.173

ТМЭШ салык органдарына ижарага берген батирлери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү

Мамлекеттик салык кызматы турак жай менчик ээлеринин шериктиктеринин (ТМЭШ) турак жана турак эмес жайларды ижарага берүү тууралуу маалыматты салык органдарына берүү боюнча ченем киргизүү сунушталып, коомдук талкууга коюлганын билдирди.
ТМЭШ салык органдарына ижарага берген батирлери жөнүндө маалымат берүүгө милдеттүү

Сунушталган ченемге ылайык, турак жай менчик ээлеринин шериктиктери, көп батирлүү үйлөрдө иш жүргүзгөн башкаруучу жана тейлөөчү компаниялар иш жүзүндө ижарага берилип жаткан жайлар жөнүндө маалыматты салык органдарына берүүгө милдеттүү. Бул сунуштун максаты – ижарага берүүнү жөнгө салуу жана мүлктү ижарага берген жарандардан салыктык түшүүлөрдүн толуктугун камсыз кылуу болуп эсептелет.

Салык кызматына көп батирлүү үйлөрдө жашаган жарандардан дайыма даттануулар келип түшөт. Негизги даттануулар кошуна батирлер күнүнө же айына ижарага берилип, ижарачылар коомдук тартипти бузуп, ызы-чуу чыгарып, кошуналарга тынчтык бербегиндигине байланыштуу болууда. Ошондой эле, бул батирлердин ээлери алынган кирешеден салык төлөбөй жатышат деген негизги күмөн бар.

Учурда Салык кызматы бул багытта иш жүргүзүп жатат. Бирок мындай учурларды натыйжалуу аныктоо кыйын, себеби даректер боюнча текшерүүлөрдө бир катар тоскоолдуктарга туш болушат: батирдин ээлери эшикти ачуудан баш тартышат же жашоочуларды туугандары же тааныштары деп, акысыз жашап жатышат деп көрсөтүшөт. Буга байланыштуу ТМЭШ жана башка башкаруучу уюмдардан маалымат алуу механизмин киргизүү сунушталууда. Ал маалыматтардын негизинде салык органдары текшерүү иштерин жүргүзө алышат. Ижарага берүү жана салык төлөбөгөн фактылар аныкталган учурда мындай жарандарды салык жоопкерчилигине тартуу үчүн тиешелүү чаралар көрүлөт.

Салык кызматы белгилегендей, бул демилге бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталган эмес жана салыктык түшүүлөрдүн олуттуу булагы болуп саналбайт. Негизги максат - тартипти орнотуу жана адилеттүүлүктү камсыз кылуу, анын ичинде жарандардын кайрылуулары боюнча иш жүргүзүү болуп саналат.

Эгерде коомдук талкуулоонун жүрүшүндө сунуш колдоого алынбаса, Салык кызматы аны мыйзам долбоорунан чыгарууну кароого даяр. Ведомсто жарандык коомду ижаралык мамилелер чөйрөсүндө укук тартибин жана адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган демилгени колдоого чакырат.

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.