Курс USD 87.32 / 87.79
Курс EUR 101.51 / 102.51
Курс RUB 1.104 / 1.131
Курс KZT 0.144 / 0.179
USD USD
87.32 / 87.79
EUR EUR
101.51 / 102.51
RUB RUB
1.104 / 1.131
KZT KZT
0.144 / 0.179

Эч кимди артта калтырбайбыз: Кыргызстан жакырчылык менен кантип күрөшөт

Бишкекте жакырчылыкты кыскартуу жана социалдык мобилизацияны күчөтүү маселелери боюнча кеңешме өтүүдө. Бул үчүн мамлекет кандай маанилүү кадамдарды жасайт?
Эч кимди артта калтырбайбыз: Кыргызстан жакырчылык менен кантип күрөшөт

Жыйынга министрликтер менен ведомстволордун, жергиликтүү бийлик органдарынын, эл аралык жана донордук уюмдардын, илимий чөйрөлөрдүн жана жарандык коом институттарынын өкүлдөрү катышууда. Иш-чара гибриддик форматта өтүп, республиканын бардык аймактары видеоконференция байланышына туташтырылган. Бул тууралуу КРнын Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

«Мамлекет ошондой эле туруктуу жумуш орундарын түзүүгө, чакан жана орто бизнести колдоого, аймактык экономиканы өнүктүрүүгө, кайра иштетүү жана агроөнөр жай комплексине инвестицияларды стимулдаштырууга, ошондой эле жумуштуулук программаларын кеңейтүүгө – биринчи кезекте жаштар жана аялдар үчүн күч жумшайт», - деп жазылат маалыматта. 

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакырчылыкка каршы күрөшүү мамлекеттик саясаттын сөзсүз артыкчылыгы жана жалпы улуттук милдет экенин баса белгиледи. 

«Өлкөнүн ар бир төртүнчү жашоочусу жакырчылыктын чегинен ылдый жашайт жана бул бардык мамлекеттик институттардын жана жалпы коомдун чечкиндүү аракеттерин талап кылат. Биз эч кимди артта калтыра албайбыз. Кыргызстандын экономикалык өсүшү бардык жарандар үчүн – жашаган жерине жана социалдык абалына карабастан, сезилерлик натыйжаларды алып келиши керек. Ар бир бала, ар бир үй-бүлө негизги мүмкүнчүлүктөргө жана татыктуу келечекке ээ болушу керек», - деп билдирди ал. 

Кеңешменин алкагында жакырчылыктын деңгээлин төмөндөтүү жаатындагы мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттары каралды. 

  • адамдык капиталды өнүктүрүүгө;
  • мектепке чейинки тарбиялоонун камтуусун кеңейтүүгө;
  • кесиптик-техникалык билим берүүнү өнүктүрүүгө; 
  • саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого;
  • оор турмуштук кырдаалга кабылган балдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоого көңүл буруу.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2030-жылга чейин Улуттук өнүгүү программасын ишке ашыруу үчүн ички ресурстарды мобилизациялоого жана эл аралык колдоону тартууга ниеттенүүдө. 

Эске салсак, буга чейин Banks.kg порталы Кыргызстандагы жакырчылыкты жоюу боюнча мамлекеттик саясаттын жаңы инструменти болгон «Социалдык контракт» улуттук программасы тууралуу бир катар материалдарды жарыялаган.

Сүрөт: КРнын МинКабы 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.