Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-январына карата өлкөдө 136 миң 568 бөбөк «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн алды.
Маалым болгондой, алгандардын ичинен 36 бала — үч эм жана андан көп төрөлгөндөр.
Эске салсак, «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.
Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөм каралган.
Белгиленгендей, бул төлөмдү эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.