Кыргызстандыктар жөлөк пул алууда банкты өз алдынча тандай алышат
Санариптик өнүктүрүү министрлиги мамлекеттин жарандар менен өз ара эсептешүүлөрүнүн бирдиктүү системасын түзүү жөнүндө токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды.

Документке ылайык, система мамлекеттик жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү дайындоо жана которуу процесстерин бириктирип, мамлекеттик органдар, банктар жана акча алуучулар ортосундагы өз ара аракеттенүүнү жөнөкөйлөтүшү керек.
Кеп «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөк пулу, «Бала ырысы» ай сайын берилүүчү жөлөк пулу, «Бала Береке» төлөмү жана мамлекеттик колдоонун башка түрлөрү жөнүндө болуп жатат.
Долбоорго ылайык, жарандар төлөмдөрдү алуу үчүн «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу арыз бере алышат. Ошондой эле бул тиркемеден арыздын кайсы баскычта турганын байкап, кабыл алынган чечим тууралуу маалымат алып, акчанын которулган-которулбаганын текшерүүгө болот.
Мында жарандар мамлекеттик маалыматтык системаларда буга чейин бар болгон документтерди жана маалыматтарды кайрадан тапшырууга милдеттүү болбойт. Система жеткиликтүү санариптик маалыматтарды колдонот. Айрым учурларда, эгер мыйзамдарда каралса, жөлөк пулдар арыз бербестен эле автоматтык түрдө дайындалышы мүмкүн.
Дагы бир маанилүү өзгөртүүлөрдүн бири - жарандар мамлекеттик төлөмдөрдү кайсы банк аркылуу алууну өз алдынча тандай алышат. Системага акча алуучулардын эсептерине каражаттарды чегерип, акчанын түшкөнү тууралуу маалымат бере турган банктарды кошуу пландалууда.
Долбоордо акча которуунун бирдиктүү тартиби каралган. Төлөм дайындалгандан кийин тиешелүү мамлекеттик орган алуучулардын электрондук реестрин түзүп, аны жаңы система аркылуу жөнөтөт. Андан соң каражаттар тейлөөчү банктарга которулуп, алар акчаны жарандардын эсептерине чегерүүгө тийиш.
Эгер акчаны алуучуга которуу мүмкүн болбосо, банк аны кайра кайтарып берүүгө милдеттүү. Ошондой эле системанын катышуучуларынын ортосунда маалымат алмашуу жана жүргүзүлгөн операцияларды салыштырып текшерүү каралган.
Долбоордо катышуучулардын милдеттери өзүнчө белгиленген:
- Финансы министрлиги системанын ээси болуп, анын ишин координациялайт, мамлекеттик төлөмдөрдүн жыйынды реестрин жүргүзөт жана аларды каржылоону уюштурат.
- «Кызмат» мамлекеттик мекемеси системанын техникалык иштешин жана «Түндүк» системасы аркылуу мамлекеттик органдардын ортосунда маалымат алмашууну камсыздайт.
- «Элдик Банк» ААКсы финансылык-техникалык оператор жана негизги эсептешүү банкы болот. Ал төлөмдөрдүн реестрлерин иштеп чыгып, каражаттарды башка банктарга которууну уюштурат жана акчанын эсептерге чегерилгени тууралуу маалымат алат.
- Мамлекеттик органдар, анын ичинде Эмгек министрлиги, Социалдык фонд, Коргоо министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана башка ведомстволор төлөмдөрдү дайындоо боюнча чечим кабыл алып, алуучулардын тизмесин түзөт жана маалыматтардын тактыгы үчүн жооп берет.
- Системага кошулган башка банктар акчаны түздөн-түз жарандардын эсептерине чегерип, анын жыйынтыгы тууралуу маалымат берип, эсепке түшпөй калган каражаттарды кайтарып беришет.
Санариптик өнүктүрүү министрлигинен белгилешкендей, бирдиктүү системаны түзүү арыз берүүдөн тартып, акчанын жарандын эсебине түшүшүнө чейинки мамлекеттик төлөмдөрдүн жалпы механизмин жөнгө салууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле жеке маалыматтарды коргоону күчөтүү жана катышуучулардын ыйгарым укуктарына жараша маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн чектөө пландалууда.
Мында системаны түзүү жөлөк пулдардын өлчөмдөрүн, аларды алуу шарттарын же төлөө мөөнөттөрүн өзгөртүүнү билдирбейт. Төлөмдөрдү дайындоо, көбөйтүү же токтотуу, ошондой эле аларды берүүдөн баш тартуу боюнча чечимдерди мурдагыдай эле ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар кабыл алышат.
Системаны ишке киргизүү үчүн анын иштөө эрежелери жана бардык катышуучулардын өз ара аракеттенүү тартиби жазылган атайын жобону жана регламентти бекитүү сунушталууда.
Буга чейин үч жашка чейинки 266 миңден ашык баланын ата-энеси ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулун алып жатканы маалымдалган.
Ал эми «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун мындан ары мобилдик тиркеме аркылуу тариздөөгө болот.
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.