Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 98.49 / 99.48
Курс RUB 1.044 / 1.081
Курс KZT 0.116 / 0.188
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
98.49 / 99.48
RUB RUB
1.044 / 1.081
KZT KZT
0.116 / 0.188

Кыргызстанда орто жашаган үй-бүлө батир алуу үчүн канча каражат чогултуусу керек

Banks.kg порталы Бишкектен турак-жай сатып алуу мөөнөтүн эсептөө үчүн Улуттук статистикалык комитеттин жана Улуттук банктын кыймылсыз мүлктү сатуу боюнча маалыматтарын изилдеп чыкты. Бийликтин маалыматы жана кол менен эсептөөлөр айырмаланат.
Кыргызстанда орто жашаган үй-бүлө батир алуу үчүн канча каражат чогултуусу керек

2024-жылдын 30-июнуна карата, Улуттук банктын маалыматы боюнча,  Кыргыз Республикасында турак жайга жеткиликтүүлүк индекси 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орто жашаган үй-бүлөнүн турак жай сатып алуу үчүн каражаттарды топтоо үчүн зарыл болгон жылдар - 7,4 жылдан 8,1 жылды түзгөн.

Улуттук банктын отчетунда айтылгандай, бул кыймылсыз мүлккө болгон баалардын турак-жайга болгон 23,3 пайызга өсүүсү орточо айлык акынын 10,3 пайыздан өсүп кетүүсү менен байланышкан.

2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча,  Кыргызстанда аянты 54 чарчы метрлик батир алуу үчүн сегиз жыл каражат чогултуу керек!

Улуттук банктын маалыматына ылайык, бир үй-бүлөнүн орточо айлык маянасы 35 миң 298сомду түзөт. Үй-бүлө үч адамдан турат дейли, ал эми анын экөө киреше табат. Минималдуу керектөө бюджети 24 миң 433 сомду (үй-бүлөнүн жалпы кирешесинин 34,6%) түзөт. Натыйжада, турак-жай сатып алуу үчүн талап кылынган мөөнөт 8,1 жылды түзөт.

Эске салсак, Banks.kg жакында эле Кыргызстандагы 2025-жылдын март айына карата кыймылсыз мүлктүн баасы боюнча маалыматты жарыялаган. Ошентип, Бишкек турак-жайларга болгон баанын наркы боюнча алдыда келе жатат:

  • Турак-жайдын квадрат метрине болгон орточо баасы 142 миң 660,91 сомду түзөт ($ 1 миң 637);
  • Батирлер квадрат метрине — 105 миң 512,97 сом ($1 миң 212);
  • Коммерциялык кыймылсыз мүлк квадртат метрине— 92 миң 315,83 сом ($1 миң 59).

Буга чейин Улуттук статистикалык комитет 2025-жылдын январында Кыргызстанда орточо эмгек акынын көлөмү 39 миң 342 сомду түзөрүн билдирген. 

Бишкекте 54 чарчы метр батирдин орточо баасы болжол менен 5 миллион 697 миң 700 сомду түзөт (тегеректелген).

Эми - орточо эмгек акы 39 миң 342 сом болсо (2025-жылдын январь айына) үй-бүлө канча акча топтошу керек. Үй-бүлөдө эки адам иштеп, ай сайын үй-бүлөнүн кирешесинин 30% топтой алат дейли, анда:

  • Үй-бүлөнүн кирешесинин жыйындысы: 78 миң 684 сом / айына
  • 30% чогултуудан = 23 600 сом / айына

Чогултуу убактысы ипотекага эмес жана баанын өсүшү менен: 241 ай = 20 жыл.

Тагыраагы, бул ай сайын үй-бүлөңүздүн жалпы айлыгынын 30% бөлүп чогултсаңыз, дээрлик 20 жыл күтөсүз дегенди билдирет.

Ипотека: үмүт менен чындыктын ортосунда

Ипотекалык насыя үй сатып алуунун эң маанилүү куралы бойдон калууда. Бирок, коммерциялык банктардын учурдагы жылдык 16%дан 24%га чейинки пайыздык чендери ипотеканы оор каржылык жүккө айлантууда.

Мамлекеттик программалар кырдаалды бир аз жакшыртат десек жаңылышпайбыз. Анткени мамлекеттик программа 7-9% дык  чендерди сунуш кылат. Ошондой эле социалдык турак жайларды курууну жана жарандардын айрым категориялары үчүн батирлерди сатып алууда жеңилдетилген шарттарды камсыз кылууну караган «Жеткиликтүү турак жай-2025» программасы да бар.

2024-жылы Бишкек, Ош шаарларында жана облустарда МИК аркылуу 1200гө жакын батирлер курулуп, пайдаланууга берилген.

Жогорку урбанизациянын жана миграциянын фонунда мамлекет жеткиликтүү турак-жай курулушунун көлөмүн, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдери аркылуу көбөйтүүнү пландаштырууда. 2025-2027-жылдардын планында социалдык жана жеңилдетилген программалардын алкагында 10 миңден ашык турак-жайды ишке киргизүү каралган.

Бирок, ипотекалык насыянын пайызын төмөндөтпөсө, калктын кирешеси өспөсө, аймактарда инфраструктураны өнүкпөсө, Кыргызстанда жакынкы жылдарда турак-жайдын жеткиликтүүлүгү көйгөйү ушул бойдон сакталып кала берет.

 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.