Резидент-карта Кыргызстандагы чет элдиктердин жашоосун жеңилдетет

Кыргызстан өлкөгө келген чет элдик жарандар үчүн резиденттик карталарды ишке киргизди. Бул жашоо, иштөө жана банктык кызматтарды алуу үчүн бирдиктүү документ катары кызмат кылат.

Резидент-карта Кыргызстандагы чет элдиктердин жашоосун жеңилдетет
Сүрөт: АКИPRESS

Бул тууралуу КРнын ТИМдин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Кыргызстандагы миграциялык процесстерди оптималдаштыруу чаралары боюнча ЖМКларга өткөн брифинг учурунда билдирди.

Резидент-картасы чет өлкөлүк жарандын төмөнкү жеке маалыматтарын камтыйт:

  • анын аты жана фамилиясы;
  • ден соолугу, эмгек акысы жана салык чегерүүлөрү жөнүндө маалымат;
  • иш берүүчүсү жана чакырган тарап жөнүндө маалымат.

Резиденттик карта банк картасынын милдетин аткарып, ага чет элдик жарандын айлыгы чегерилет.

Жаңы система коопсуздукту жакшыртууга, бюрократияны кыскартууга жана убакытты үнөмдөөгө багытталган.

Резидент картанын артыкчылыктары төмөнкүлөр болуп саналат:

  • миграциялык көзөмөлдү күчөтүү;
  • мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү оптималдаштыруу жана фискалдык көзөмөлдү күчөтүү;
  • эмгек мамилелерин жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгү;
  • бюрократиялык жол-жоболорсуз ишкердик ишти жүргүзүү;
  • республикадагы чет элдиктердин укуктук абалын жөнгө салуу.

Резидент картасы чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок адамдарга республикада бир жылга чейинки мөөнөткө мыйзамдуу жашоого укук берет, аны узартуу мүмкүнчүлүгү бар. Алар Кыргызстандын мыйзамдарынын алкагында ишке орношуу жана ишкердик менен алектене алышат.

«Эгер карта туура эмес колдонулса, чет элдик жаранга карата чаралар көрүлөт, анын ичинде Кыргызстандан депортацияланат», - деди Сейтек Жумакадыр уулу.

Кошумча маалымат алуу үчүн ТИМдин Консулдук департаментине төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга болот:

  • +996 312 66 08 11;
  • +996 999 31 20 02 (WhatsApp).

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.