Курс USD 88.64 / 89.47
Курс EUR 94.81 / 95.81
Курс RUB 0.947 / 0.973
Курс KZT 0.138 / 0.206
USD USD
88.64 / 89.47
EUR EUR
94.81 / 95.81
RUB RUB
0.947 / 0.973
KZT KZT
0.138 / 0.206

Жаш балдарды финансылык сабаттуулукка кантип алаксытып үйрөтсө болот

2024 - глобалдык акча жумалыгы жакындап келе жатат. Балаңызды чоңдордун жашоосуна даярдоо жана ага финансылык сабаттуулуктун негиздерин үйрөтүү жөнүндө эскерте турган мезгил келди. Бул үчүн жөн гана балаңыз менен оюн ойноңуз.
Жаш балдарды финансылык сабаттуулукка кантип алаксытып үйрөтсө болот

Эгерде сиз балаңызды үйдөн финансылык сабаттуулукка үйрөтпөсөңүз, ал акча жана сатып алуулар тууралуу досторунан, тууган-тааныштардан үйрөнүп, билип баштайт. Анын үйрөнгөндөрү дайыма эле пайдалуу болбой калышы мүмкүн.

Мектепке чейинки балдар үчүн финасылык оюндар

Соода дүйнөсү кантип иштейт

Балдарга чоң адамдар кантип акча таап, андан кийин керектүүлөрдү кантип сатып ала тургандары жөнүндө айтып бериңиз. Балдардын көңүлүн товарлардын классификациясына жана эң керектүү товарларга көңүлүн буруңуз.

Акчага мамиле кылуунун принциптери

Кичинекей балага тыйын жана ар кандай кагаз акчаларды берип, анын формасын, өң түстөрүн салыштырууга жардам бериңиз. Жакында эле сатып берген оюнчуктун чегин көрсөтүңүз. Андан кийин балаңызга банкноттордон белгилүү бир сумманы чогултуу тапшырмасын бериңиз. Банкнотторду алмаштыруунун тартибин түшүндүрүңүз.
Соода түйүнүндө

Соода түйүндөрүнө барып келгенден кийин балаңызга чакан сынак уюштуруңуз - сүт, момпосуй, нандардын баасын эстей аларын текшериңиз. Андан соң үйгө ар кандай баадагы - азык түлүк, зер буюмдар жана үйгө керектүү майда-бараттарда бөлүп илип коюңуз. Балаңыздан аларга баа коюуну сураныңыз. Эгерде бала товарларды ашыкча бааласа же төмөн бааласа себебин чечмелеп берүүсүн айтыңыз.

Сатып ал- сат

Кичинекей баланы керектөөчү түшүнүгү менен тааныштырыңыз - тамак-аш, кийим-кече, жол кире төлөө. Ал азык-түлүк эмне экенин жана эң зарыл товар эмне экендигин түшүнүүсү керек. Бул көндүм баланын күнүмдүк жашоодо аң сезимин калыптандырат.

Балаңызды сатуучу кылып ойнотуп көрүңуз. Ал сизге товарларды сатып, керек болсо сизди кандайдыр бир товарды сатып алууга үндөсүн. Ага кардар үчун аргументтерди айтууну үйрөтүңуз. 

Каржылык стол оюндары да мектепке чейинки балдар үчүн түшүнүктүү жана кызыктуу болот. Алардын арасында «Акча агымы» оюнунун балдарга арналган версиясы бар. Аны "Бай ата кедей ата" китебинин автору Роберт Кийосаки ойлоп тапкан. Анда оюндун катышуучулары айлык акы алы, инвестиция салып, кайрымдуулук иштерин кылып, форс-мажордук чыгымдарды эске алышат. Мында балдар негизги экономикалык билимдерди алышат жана кризистик кырдаалдардан чыгуунун жолун издеп башташат. 

Мектеп жашындагы балдар үчүн финансылык сабаттуулукка үйрөткөн оюндар

Башталгыч жана орто мектеп окуучулары үчүн каржылык оюндар балдарды акча менен иштөөнү үйрөтүп, банктардын иши жана салык системасы менен тааныштырат.

Дүкөнгө барабыз

Балаңыз менен соода тизмесин түзүп, белгилүү бир суммадагы акча бөлүңүз. Буюмдарды өзү тандап, себетке салсын. Сиз балаңызды жетектеңиз: окшош товарды арзаныраак сатып алса болобу жана башка сатып алуулар үчүн акча жетиштүүбү?

Кассага келгенде балңыз өзү эсептеп төлөсүн жана ашкан акчаны санап алсын.

Банкка

Банкка барарда балаңызды кошо ала барыңыз. Акчаны каякка которгонуңузду жана каржы мекемесинин кызматы үчүн канча төлөгөнүңүздү жөнөкөй сөз менен түшүндүрүңүз. Балдар жана чоңдор үчүн банк карталары жөнүндө айтып бериңиз.

Айлык-акы

Балаңыздын акча таба ала турган жөндөмдөрү тууралуу сүйлөшүңүз. Аны кантип ишке ашырса болот? Канча акча таба аларын жана акчаны кайда жумшай турганын айтуу керек. Ал дагы келечегин ойлонуп баштайт. 

Жакындарга кантип жардам берүү керек?

Каржылык пландарыңызга кайрымдуулукту кошууну унутпаңыз. Кайсыл кайрымдуулук фонду менен иш алып баруу ишенимдүү жана бул үчүн канча акча бөлсө болорун түшүндүргүлө.

Мектеп окуучулары үчүн каржылык стол оюндары балдарга гана эмес, алардын ата-энелери үчүн да пайдалуу болот. Ал үй-бүлө жана достор менен кызыктуу убакыт өткөрүүгө мүмкүндүк берет. Оюнда катышуучулар мүлк сатып алышат, салык төлөшөт, ижара акысын чогултушат, жада калса түрмөгө да түшүшөт. Банкротко учурабай, акчаны сактап калууга жетишкен акыркы оюнчу жеңүүчү болот. 

Башталгыч класстын окуучулары «Ойлон жана бай бол» оюнун жакшы көрүшөт. Алар оюнду катардагы менеджердинен баштап, компаниянын башкы директору болууга умтулушат. Бул үчүн катуу атаандаштыктын шарттарында инвестиция салып, бизнес жана кыймылсыз мүлк алуу керек. Балдар этияттык менен иш-аракет кылууга жана бир нече кадам алдыдагы иш-аракеттерди күтүүгө үйрөнүшөт.

Балаңызга бала кезинен каржылык жакшы адаттарды сиңирүү менен аны реалдуу жашоого даяр адам кылып тарбиялай аласыз. 

Banks.kg порталы ушул сыяктуу балдардын финансылык сабаттуулугун өнүктүрүү боюнча материалдарды сунуштайт:

- Балдарга финансылык сабаттуулукту үйрөтөбүз.

- Балдар акча тууралуу: «Мен акчаны жоготпойм, чогултам».

- Баланы ысырапкор кылып тарбиялоодон кантип сактануу керек?

- «Жетиген» эл аралык лагери балдардагы бизнес-ойлонууну кантип өнүктүрөт.

- Копилканы сындырып, балдар депозитин ачыңыз.

- Балдарга акча белекке берсе болобу?

#globalmoneyweek2024