Бизнес үчүн эсептешүү эсебин кантип ачуу керек: ЖИ жана ЖЧК үчүн кадамдык инструкция

Эсептешүү эсебисиз бизнести жүргүзүү кыйын: төлөмдөрдү кабыл алуу, жеткирүүчүлөргө төлөө жана салыктык милдеттенмелерди жабуу. ЖИ жана ЖЧКлар Кыргызстандын банктарында кантип эсеп ачуусу керектиги жана кандай документтер талап кылынарын карап чыгабыз.

Бизнес үчүн эсептешүү эсебин кантип ачуу керек: ЖИ жана ЖЧК үчүн кадамдык инструкция

ЖИ кантип банктан эсептешүү эсебин ачат 

Эсептешүү эсеби жеке ишкерге накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууга, жеткирүүчүлөр менен иштөөгө, салыктарды төлөөгө жана онлайн төлөмдөрдү орнотууга мүмкүндүк берет. Кыргызстандагы банктарда жеке ишкерге эсеп ачуунун эки жолу бар: мобилдик тиркемелер аркылуу онлайн же филиалга жеке кайрылуу.

Банктык тиркеме аркылуу онлайн

Бүгүнкү күндө көптөгөн банктар ишкерлер үчүн эсепти толугу менен онлайн ачууга мүмкүнчүлүк берет. Адатта процедура төмөнкүдөй болот: 

  • Банктын мобилдик тиркемесин ачыңыз. 
  • Бизнес үчүн бөлүмгө өтүңүз. 
  • Эсеп ачуу функциясын тандаңыз. 
  • Өзүңүздүн маалыматтарыңызды ырастаңыз. 

Эгерде маалымат автоматтык түрдө ырасталса, эсеп бир нече мүнөттүн ичинде ачылышы мүмкүн.

Банктык бөлүмдөр аркылуу 

Эсепти жеке өзүңүз ачуу сизге ыңгайлуу болсо, банктын каалаган филиалына барууга болот. Адистер документтерди текшерип, арызды толтурууга жардам беришет. Жеке ишкерге эсеп ачуу үчүн адатта төмөнкүлөр талап кылынат: 

  • паспорт; 
  • жеке идентификациялык номер; 
  • ЖИ каттоо күбөлүгү. 

Документтер текшерилгенден кийин банк сизге эсептешүү эсебин ачат.

ЖЧК үчүн эсептешүү эсебин кантип ачуу керек

Мындай компаниялар үчүн процедура бир аз айырмаланат. Көбүнчө, ЖЧК үчүн эсеп ачуу банк бөлүмү аркылуу ишке ашырылат, анткени көбүрөөк документтер жана текшерүүлөр талап кылынат. Адатта банктар төмөнкү документтерди талап кылышат: 

  • компаниянын уставы; 
  • ЖЧКнын каттоо күбөлүгү; 
  • компаниянын жеке идентификациялык номери; 
  • директорду дайындоо жөнүндө чечим же буйрук; 
  • директордун паспорту; 
  • компаниянын мөөрү (эгер колдонулса). 

Кээде банк кошумча документтерди да талап кылышы мүмкүн, бирок бул каржы уюмунун ички саясатына жараша болот. Документтер текшерилгенден кийин банк эсептешүү эсебин ачат жана компания толук кандуу каржылык операцияларды жүргүзө алат.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын ар кайсы банктарында талаптар жана документтердин тизмеси бир аз айырмаланышы мүмкүн, ошондуктан банкка кайрылуудан мурун колл-борборго байланышып, маалыматты тактап алууну сунуштайбыз.

Материал MBANK адистеринин көмөгү менен даярдалды.

Banks.kg буга чейин Кыргызстандын кайсы банктары юань эсебин сунуштарын, банктын БИКин кантип билсе болору тууралуу макала жазган.

#GMW2026KG #GMW2026 #GlobalMoneyWeek2026 #SmartMoneyTalks

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.