Кыргызстанда инфляция жыл башынан бери 5,5%ды түздү

2025-жылдын январь-сентябрь айларында өткөн жылдын декабрына салыштырмалуу жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 5,5%ды түздү.

Кыргызстанда инфляция жыл башынан бери 5,5%ды түздү
Иллюстрациялык сүрөт

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Назира Керималиева брифингде билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга баалар 6,4%га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекилер 5,1%га, азык-түлүк эмес товарлар - 3,3%га, калкка көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүүлөргө болгон тарифтер 6,3%га жогорулаган.

Өлкөнүн бардык аймактарында керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалган.

Эң көп өсүү Ош шаарында катталган – 7,5%, негизинен алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки буюмдарына болгон (10,9%га) баалардын өсүшүнө байланыштуу.

Азык-түлүккө жана алкоголсуз суусундуктарга болгон баалардын эң жогорку өсүшү Чүй облусунда – 9,5%га катталган.

Азык-түлүк эмес товарларга болгон баалардын өсүшү Ысык-Көл облусунда байкалган – 4,8%.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери эң көп Талас облусунда – 9,3%га жогорулаган.