Курс USD 88.16 / 88.99
Курс EUR 95.35 / 96.35
Курс RUB 0.959 / 0.980
Курс KZT 0.137 / 0.206
USD USD
88.16 / 88.99
EUR EUR
95.35 / 96.35
RUB RUB
0.959 / 0.980
KZT KZT
0.137 / 0.206

QR-код колдонуу менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын өз ара иштеши

Долбоор ишке киргенден бери QR-код аркылуу 7,1 млрд сом суммасына 7 млн ашык төлөм жүргүзүлгөн, анын ичинен 127,8 млн сом суммасына 52,9 миң мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүлгөн. Өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда көрсөткүчтөр тиешелүүлүгүнө жараша 139 жана 69 эсеге өскөн.
QR-код колдонуу менен Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын өз ара иштеши

QR-код колдонуу менен төлөм системаларынын өз ара иштеши (интероперабелдүүлүк)

Кыргыз Республикасында бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү максатында 2022-жылдын декабрь айында Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы өз ара иш алып баруу оператору, банктар жана мобилдик тиркемелери бар Кыргыз Республикасынын төлөм системаларынын операторлору/төлөм уюмдары менен бирге улуттук стандарттагы QR-кодун колдонуу менен төлөм системаларын системалар аралык интеграциялоо (интероперабелдүүлүк) ишин аяктады.

Төлөм системасынын системалар аралык интеграциясы (интероперабелдүүлүк) – бул системанын төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү жүргүзүү үчүн башка төлөм системалары менен өз ара иштөөсү жана иштеши, бул мобилдик тиркемелердин колдонуучуларына банк картасына, электрондук акчага жана агенттердин мобилдик тиркемелерине байланган улуттук стандарттагы QR-кодун колдонуу менен бардык жерде төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошондой эле, 2024-жылдын 1-апрелине карата республиканын бардык региондорундагы соода-тейлөө ишканаларында жана калкты тейлөө борборлорунда 48,5 миңден ашык QR-коддор орнотулган, мында 2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда орнотулган QR-коддордун саны дээрлик беш эсеге көбөйгөн.

QR-код деген эмне?

Төлөм жүргүзүү үчүн QR-код - бул төлөм маалыматтарын берүү үчүн эки өлчөмдүү штрих-код белгиси жана заманбап банк менен финансы секторунун ажырагыс бөлүгүнө айланган инновациялык чечим. Алар накталай эмес операцияларды тез, ыңгайлуу жана коопсуз жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жөнөкөй сөз менен айтканда, бул белгилүү бир тамга жана сандар түрүндө маалымат катылган, ак-кара түстөгү төрт чарчы келген сүрөт. Бул интернет-сайтка, товарлардын электрондук каталогуна же мобилдик тиркемеге шилтеме болушу мүмкүн. Аталышындагы QR деп жазылган баш тамгалары Quick Response, башкача айтканда «тез жооп» дегенди билдирет. Тез деп аты айтып тургандай, смартфон QR-коддо катылган маалыматты бир секунд ичинде окуп, андагы шилтеме аркылуу кирип товар/кызмат көрсөтүүлөр үчүн тез төлөйт же акча которот.

QR-коддорун колдонуу менен төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү өлкөдөгү бирдиктүү төлөм мейкиндигин түзүү боюнча артыкчылыктуу чечимдердин бири болуп саналат. Бул үчүн финансылык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн QR-коддун улуттук стандарты иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине (2019-жыл) караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун буйругу менен бекитилген. Кыргызстандагы QR-код стандарты эл аралык стандарттардын негизинде QR-коддорду түзүүнүн жана колдонуунун жалпы эрежелерин аныктайт, бул төлөмдөрдү иштеп чыгуу процессин жеңилдетет жана транзакциялардын коопсуздугун камсыз кылат.

QR-кодду колдонуу менен төлөмдөрдү кабыл алуу тууралуу кеңири айтып берсеңиз

QR-код смартфонго орнотулган банктын же төлөм системасынын операторунун/төлөм уюмунун тиркемеси (анда төлөм QR-кодун колдонуу менен ишке ашырылган) смартфондун камерасын каратканда окулат. QR-коддон маалымат дароо окулуп, мобилдик тиркеме төлөм үчүн төлөм өткөрүүгө бардык керектүү реквизиттерди алат. 

Төлөмдөр үчүн QR-коддору бизге эмне үчүн керек? Алар накталай эмес операциялардын процессин жөнөкөйлөштүрөт жана тездетет. QR-коддору менен колдонуучу алуучу менен төлөм суммасы жөнүндө маалыматтарды киргизип убакыт коротуп отурбай, телефонду бир нече жолу басып төлөм жүргүзө алат.

Учурда соода-тейлөө ишканаларында төлөм жүргүзүү үчүн статикалык жана динамикалык QR-коддордун орнотулганын байкоого болот.

Биринчилери код түзүлгөндөн кийин түзөтүү киргизүүгө мүмкүн болбогон маалыматты камтыйт. Статикалык QR-кодун көп жолу колдонууга болот (көбүнчө соода-тейлөө ишканасынын кассасында жайгаштырылат) жана сатуучунун бардык негизги төлөм реквизиттерин камтыйт, бирок дайыма эле которуунун суммасын камтыбайт – бул учурда сатып алуучу аны өзү киргизиши зарыл.

Динамикалык QR-код болгон учурда, маалымат түзүлгөндөн кийин аны жаңыртып, редакциялап жана өзгөртүп турса болот. Динамикалык QR-код сөзсүз түрдө уникалдуу төлөм кодун, алуучунун реквизиттерин жана сатып алуу суммасын камтыйт, анткени ал ар бир конкреттүү сатып алуу үчүн түзүлөт жана белгилүү бир мөөнөтү болот. Динамикалык QR-кодду колдонуп төлөм өткөргөндөн кийин, ал жараксыз болуп калат. Бул айырмачылыктар сатуучуга да, сатып алуучуга да кошумча ыңгайлуулуктарды алып келет.

Мындан тышкары, QR-коддору коопсуздуктун жогорку деңгээлине ээ, анткени маалымат жашыруун жана ал транзакциянын катышуучуларына гана жеткиликтүү болот.

Улуттук банк QR-код аркылуу төлөө ыкмалары жана артыкчылыктары жөнүндө калкка маалымдоо иштерин жүргүзөбү? 

Ооба, иш-чаралар дайыма өткөрүлөт. QR-коддорун колдонуу менен товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн накталай эмес төлөө боюнча калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында, 2023-жыл ичинде Улуттук банк бүтүндөй республика боюнча окутуу тренингдерин өткөргөн, мамлекеттик жана расмий тилдерде «QR-код. Тез төлөө» деп аталган буклеттери чыгарылып, муниципалдык мекемелерге жана жалпы маалымдоо каражаттарына андан ары жайылтуу максатында коммерциялык банктарга, төлөм системаларынын операторлоруна/төлөм уюмдарына жөнөтүлгөн. Улуттук банк QR-коддору менен кеңири камтуу жана алардын артыкчылыктары тууралуу маалыматты кеңири жайылтуу боюнча коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары менен кызматташууну улантууда. Коммерциялык банктар жана төлөм системасынын операторлору/төлөм уюмдары менен бирге маалымдоо кампания үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат. 

Мындан тышкары, Улуттук банк Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен биргеликте республика боюнча соода-тейлөө ишканаларында товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү накталай эмес түрдө кабыл алуу үчүн QR-коддордун орнотулушуна көчмө мониторинг жүргүзүүдө, анын жүрүшүндө кызматкерлер жеринде түшүндүрүү иштерин алып барышат.

Соода-тейлөө ишканаларында белгиленген QR-коддор боюнча маалымат коммерциялык банктар жана төлөм уюмдары тарабынан жума сайын Улуттук банкка берилип турат. Ошентип, алынган маалыматтардын негизинде республикада канча санда QR-код орнотулганына талдоо жүргүзүлөт.

Ошондой эле Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 24-майындагы токтомуна ылайык, Улуттук банк 2024-жылы сандык жана сапаттык көрсөткүчтөргө жетишүү менен бүткүл республика боюнча соода-тейлөө ишканаларын QR-код менен масштабдуу камтуу боюнча план койгон.

QR-код менен төлөөнүн кандай ыңгайлуу жактары жана артыкчылыктары бар?

QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдүн артыкчылыгы – смартфону бар колдонуучулар үчүн да, бизнес чөйрөсүндөгүлөр үчүн да ыңгайлуу, ылдам жана коопсуз төлөм. Бизнес чөйрөсү үчүн бул ыкманын арзандыгын кошумча белгилөөгө болот, анткени QR-код аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу үчүн сатуучу кошумча жабдууларды сатып албайт. Болгону QR-кодду басып чыгарып же болбосо смартфондо көрсөткөнү жетиштүү.

QR-код аркылуу төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү өлкөдө накталай эмес төлөмдөрдү өнүктүрүү, ошондой эле периферияда төлөм инфраструктурасын өнүктүрүү чечимдеринин бири болуп саналат. Бүгүнкү күндө көптөгөн адамдар смартфонду колдонушат. Алсак, смартфондун жардамы менен биз дүкөндөрдөн сатып алабыз же кызмат акыларды төлөй алабыз. Төлөм жүргүзүү үчүн зарыл болгон нерселердин бардыгы смартфондогу төлөм тиркемесинде бар.

NFC, байланышсыз төлөмдөр жана мобилдик капчыктар сыяктуу жаңы технологиялардын пайда болушу менен QR-коддор барган сайын популярдуу болуп баратат. Мындан тышкары, QR-кодун колдонуу менен төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн түзүлүштөргө атайын талаптардын кереги жок, мисалы, смартфондо NFC чиптин болушу сыяктуу. QR-коддорун колдогон төлөм тиркемесин Android же iOS системалары аркылуу башкарылуучу дээрлик бардык смартфондорго орнотууга болот.

Ошентип, QR-коддор операцияларды жүргүзүү процессин жөнөкөйлөтүп, тездетет, ошондой эле ыңгайлуу жана коопсуз кылат. Технологиянын өнүгүшү жана мобилдик төлөмдөрдүн жайылышы менен QR-коддор заманбап колдонуучулар жана компаниялар үчүн зарыл инструмент болуп бара жатат.