Кыргызстандын банктары насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салуу реестрин текшерүүгө милдеттүү болот

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында «Насыялык маалымат алмашуу жана насыялык бүтүм түзүүгө өзүнө-өзү тыюу салууну белгилөө маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоору каралып, экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Мыйзам долбоорун демилгелеген депутаттар Данияр Төлөнов, Дастан Бекешев, Кундузбек Сулайманов, Нилуфар Алимжанова, Саидбек Зулпуев, Айсаракан Абдибаева, Марлен Маматалиев, Бекмурза Эргешов, Надира Нарматова, Советбек Рустамбек уулу, Таалайбек Сарыбашов, Айбек Алтынбеков, Эрнис Айдаралиев, Бакытбек Марипов, Русланбек Жакышов, Илимбек Кубанычбеков, ШаирбекТашиев.
Жыйында баяндама жасаган комитет төрагасы Данияр Төлөнов белгилегендей, мыйзам долбоору жарандарды финансылык алдамчылыктан коргоо деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле кредиттик бюролор менен финансылык уюмдардын ортосунда кредиттик маалыматтарды алмашуудагы тиешелүү мыйзамдык коллизияларды жоюу максатында иштелип чыккан.
Талкуу маалында депутат Камила Талиева республикадагы кредиттик бюролордун ишмердүүлүгүнө жана кредиттик маалымат алмашуу механизмдерине көңүл буруп, ошону менен бирге коммерциялык банктардын мобилдик тиркемелери аркылуу онлайн-кредиттерди алуу тартибине токтолду.
Мыйзам долбоорун кабыл алуу финансылык алдамчылык тобокелдиктерин азайтуу жана банк секторунда санариптик кызматтарга ишенимди жогорулатууга багытталган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.