Кыргызстандыктар насыя алууда өзүнө-өзү тыюу салууну белгилей алышат

Бул мыйзам долбоорун депутат Марлен Маматалиев демилгелеген.
Документтин негизги максаты - Кыргыз Республикасынын финансы-кредиттик уюмдарында кредиттерди алууга же исламдык каржылоого өзүн өзү тыюу салуунун ыктыярдуу системасын түзүү.
Жарандар Электрондук кызмат көрсөтүүдөгү мамлекеттик портал «Түндүк» аркылуу өз алдынча тыюу салып, алып сала алышат. Маалыматтар системанын интеграциясы камсыз кылынган, кредиттик бюролорго өткөрүлүп берилет.
Өзүн-өзү тыюу механизми төмөнкүлөрдүн алдын алат:
- жеке маалыматтардын тарап кетүүсү же документтердин уурдалышынын натыйжасында жарандын атына мыйзамсыз насыянын алынуусун;
- алдамчылар тарабынан, анын ичинде социалдык инженерия ыкмаларын колдонуу аркылуу жарандын кысым алдында насыя алуу учурларын;
- чет өлкөдө узак убакыт болгон учурда, өзгөчө улуу курактагы адамдар үчүн каржылык тобокелдиктерди алдын алуу.
- жарандар каалаган убакта жана акысыз түрдө насыя алууга тыюуну алып салуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Ошондой эле мыйзам долбоору төмөнкү функцияларды аткара турган мамлекеттик-жеке өнөктөштүк органынын түзүлүшүн караштырат:
- насыялык маалыматты борбордоштуруп башкаруу;
- жеке маалыматтарды коргоону камсыз кылуу;
- кредиттик бюролордун ишин жөнгө салуу.
Мындай ыкма финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатууга, карыз алуучулардын жүгүн жеңилдетүүгө, насыя тарыхын көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана бардык кредиттик бюролорго кайрылуу менен байланышкан ашыкча чыгымдарды жоюуга мүмкүндүк берет.
Бүгүнкү күндө мыйзамда кредиттик маалыматты пайдаланган адамдарды бардык кредиттик бюролорго бир убакта кайрылууга мажбур кылган карама-каршылыктар бар. Бул төмөнкүдөй терс кесепеттерге алып келет:
- кардарлар үчүн чыгымдардын көбөйүшү;
- кошумча баалуулук жаратпайт, анткени терс маалыматтар бардык отчеттордо кайталанат;
- кредиттик бюролор ортосундагы атаандаштыкты басаңдатат.
Киргизилген өзгөртүүлөр төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
- кредит рыногунун ачыктыгын жогорулатуу;
- Улуттук банк тарабынан кыйла натыйжалуу көзөмөлдү камсыз кылуу;
- финансылык институттардын жана кардарлардын чыгымдарын кыскартуу;
- финансылык мониторинг чөйрөсүндө технологияларды жана жаңы жумуш орундарын өнүктүрүүгө стимул берүү.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.