Кыргызстандыктар насыя алууда жана аманат салууда активдүү болушууда – I кварталдын жыйынтыгы

Бул тууралуу Статкомдун маалыматында айтылат.
Калктан депозиттик эсептерге акча каражаттарынын агылып кирүүсү (чыгарууларды эске алуу менен) 15,4 млрд сомду түздү, бул 2024-жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчтөн дээрлик эки эсеге көп.
Депозиттер
2025-жылдын 1-апрелине карата депозиттердин жалпы көлөмү 285,4 миллиард сомго жетип, өткөн жылдын ушул күнүнө салыштырмалуу 28,3%га өстү. Мында депозиттердин 57,3 пайызы улуттук валютада, 42,7 пайызы чет өлкөлүк валютада жайгаштырылган.
Насыялар
2025-жылдын январь-март айларында банктар тарабынан берилген кредиттердин жалпы көлөмү 108,8 миллиард сомду түзүп, бир жыл мурункуга салыштырмалуу 42,3 миллиард сомго көп (1,6 эсеге өскөн).
Эң активдүү насыялоо:
- Керектөөчүлөрдүн зырылчылыктары – 29,1 млрд сомго өсүү;
- соода – 5,8 млрд сомго;
- ипотека – 2,9 млрд сомго;
- айыл чарбасы — 1,5 миллиард сомго.
Насыялык портфель
2025-жылдын 1-апрелине карата банктардын ачык кредит портфели бир жыл ичинде 42,3%га (же 110,6 млрд сомго) көбөйүү менен 371,9 млрд сомго жетти.
Насыялоонун түрлөрү боюнча структурасы:
- Керектөөчүлүлөрдүн зарылчылыктары — 30,9%;
- соода — 25,9%;
- айыл чарбасы — 12,7%;
- ипотека — 11,4%.
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, кредиттердин 81 пайызы - улуттук валютада, 19 пайызы - чет өлкөлүк валютада берилген.
Портфелдин негизги бөлүгүн узак мөөнөттүү кредиттер түзөт (86,7% же 322,7 млрд.сом).
Насыянын аймыктык структурасы:
Албетте, насыя боюнча лидерликте калаа турат, берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн 52%ын түзөт.
Андан кийин:
- Жалал-Абад облусу – 9,6%;
- Чүй облусу – 7,9%;
- Ош облусу – 7,1%.
Калктын депозиттик активдүүлүгүнүн өсүшү жана банктык кредиттөөнүн кеңейиши банк тутумуна болгон ишенимдин жогорулагандыгын жана өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн жандангандыгын көрсөтүп турат.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.