«Президент Садыр Жапаровдун санариптештирүү боюнча тапшырмасынын алкагында мамлекеттик ипотекага «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн түрдө кезекке туруу мүмкүнчүлүгү ишке ашты. Мурда документтерди чогултуп, кол менен толтуруп, көп убакыт коротушчу. Эми болсо баары жеңилдеди – болгону 2–3 мүнөттө бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат. Жада калса жубайыңдын макулдугу да тиркеме аркылуу ыңгайлуу жана мыйзамдуу жол менен бериле алат», - деп билдирди ал.
Анын айтымында, бул жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам.
Маалымат үчүн: Буга чейин «Түндүк» тиркемеси аркылуу ID картаны, кайрадан никеге туруу тууралуу күбөлүктү жана башка санариптик кызматтарды алууга мүмкүн болгон. Эми мамлекеттик ипотекага онлайн тапшыруу мүмкүнчүлүгү кошулду.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.