Кыргызстанда «Түндүк» тиркемеси аркылуу убактылуу каттоо онлайн-кызматы иштеп баштады
2025-жылдын 22-майынан тарта Кыргызстандын жарандары «Түндүк» мобилдик тиркемеси аркылуу толугу менен онлайн режиминде убактылуу каттоого арыз бере алышат.

Бул тууралуу «Кызмат» мамлекеттик порталынын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы санариптик кызмат боюнча, мындан ары жашаган жериңиз боюнча каттоодон өтүү үчүн Калкты тейлөө борборуна баруунун кереги жок.
Каттоо процесси:
- Уюлдук телефонуңуздан «Түндүк» тиркемесин ачыңыз.
- Каттоо бөлүмүнөн убактылуу каттоо кызматын тандаңыз.
- Катталган жарандын ПИН-кодун киргизиңиз.
- Келүү тилкесинде «убактылуу» дегенди тандап, 1 айдан 12 айга чейинки мөөнөттү белгилеңиз.
- Толук онлайн-идентификациядан өтүңүз жана арызга кол коюуңуз.
Андан соң катталып жаткан жаран арызын тастыктайт, ошондой эле электрондук кол тамга аркылуу кол коет.
Тастыкталгандан кийин арыз кабыл алынды деп эсептелет жана жаңы дарек боюнча убактылуу каттоо күчүнө кирет.
Аталган кызматты ишке киргизүү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ыңгайлуулугун жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган. Долбоорду «Кызмат» мамлекеттик мекемеси «Түндүк» мамлекеттик мекемеси менен биргеликте ишке ашырган.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.