Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Криптовалютаны Кыргызстандын банк системасына интеграциялоо пландалууда

Каржы сектору криптоактивдер рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу мүмкүн: Улуттук банктын көзөмөлүндөгү банктар жана башка уюмдар үчүн операцияларды кеңейтүү боюнча талкуулар жүрүп жатат. Бул экономика үчүн эмнени билдирет?

Криптовалютаны Кыргызстандын банк системасына интеграциялоо пландалууда
Иллюстрациялык сүрөт

Экономика министрлиги «Виртуалдык активдер жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоорду коомдук талкууга алып чыкты.

Документ банктарга, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдарга жана Улуттук банк көзөмөлдөгөн башка юридикалык жактарга виртуалдык активдерди сатып алууга, сатууга жана алмаштырууга уруксат берүүнү сунуштайт.

Азыр мындай уюмдарга виртуалдык активдерди которууга, сактоого жана башкарууга, ошондой эле аларды жайгаштыруу жана сатуу менен байланышкан финансылык кызматтарга гана уруксат берилген. Алар үчүн криптоактивдерди сатып алуу жана алмаштыруу боюнча операцияларга тыюу салынган.

Министрлик ыйгарым укуктарды кеңейтүү криптоактивдерди салттуу банк тутумуна интеграциялоого, виртуалдык активдердин жүгүртүлүшүн көбөйтүүгө жана операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет деп эсептешет.

Ошондой эле салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшү, финтек секторунда жаңы жумуш орундарынын түзүлүшү, чет элдик инвестициялардын тартылышы күтүлүүдө.

Мекеме акыркы жылдары өлкөдө жарандар арасында да, бизнес арасында да виртуалдык активдерге кызыгуу бир топ өскөнүн белгиледи.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.