Улуттук банк пакеттик клиринг системасынын эрежесин жаңылайт
БАПБ аркылуу ишке ашырылган карта транзакциялары азыркы учурда дүң эсептешүү системасы аркылуу реалдуу убакыт режиминде жүргүзүлүп жаткандыктан, жөнгө салуучу орган эскирген жоболорду алып салууну жана системага кошулууну каалаган жаңы катышуучуларга карата талаптарды күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү сунуштады.

Улуттук банк «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдүкиргизүү жөнүндө» токтомунун долбоорун коомдук талкууга сунуштады.
Токтом долбоору Улуттук банктын ченемдик укуктук базасын актуалдаштыруу, Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында иштелип чыгуучу төлөмдөрдүн түзүмүн оптималдаштыруу, ошондой эле аны банктар аралык эсептешүүлөрдү жүргүзүүнүн иш жүзүндөгү практикасына шайкеш келтирүү максатында иштелип чыккан.
Колдонуудагы ченемдик укуктук базага өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы төлөм агымдарын оптималдаштыруу жана төлөм карттары менен жүргүзүлүүчү операциялар боюнча эсептешүү тартибинин өзгөрүшү менен шартталган.
«Буга чейин «Банктар аралык процессинг борбору» ЖАК улуттук төлөм тутумунун алкагында төлөм карттарын колдонуу менен жүргүзүлгөн операциялар боюнча клиринг жана эсептешүүлөр ПКС аркылуу жүзөгө ашырылып келген. Бирок, акыркы эсептешүүлөрдүн ылдамдыгын жогорулатуу, катышуучулардын ликвиддүүлүгүн оптималдаштыруу жана «БПК» ЖАКтын карттык төлөмдөрүнүн жүргүзүлбөй калуу тобокелдигин азайтуу максатында, «БАПБ» ЖАКтын аталган карттык операциялары айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы аркылуу эсептешүүлөргө которулган» - деп жазылат токтом долбоорунун түшүндүрмө берүүчү бөлүгүндө.
«БАПБ» ЖАКтын карттык операциялары мындан ары ПКСда иштелип чыкпагандыгына байланыштуу, жөнгө салуучу документтерден эскирген ченемдерди алып салуу зарылчылыгы келип чыкты. Бул үчүн төмөнкү документтерге тийиштүү өзгөртүүлөр даярдалды:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2005-жылдын 15-декабрындагы №37/8 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында аз өлчөмдөгү чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринги системасы жөнүндөгү» жобо;
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2007-жылдын 22-августундагы №38/11 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында майда чекене жана утурумдук төлөмдөрдүн пакеттик клиринг системасында төлөмдөрдү өткөрүүнүн тартиби жөнүндөгү» нускоо.
Мындан тышкары, Жободо жаңы катышуучуларды ПКСге кошууда алар үчүн коюлуучу талаптар актуалдаштырылды жана толукталды.
Долбоордун токтомун кабыл алуу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупциялык терс натыйжаларга алып келбейт.
Токтом долбоору менен толук бул жакты басып таанышууга болот.
Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.