2026-жылдын август–сентябрь айларында жүргүзүлгөн сурамжылоодо катышуучуларга криптоактивдерди колдонуу, рынокко болгон мамиле, которуулар, төлөмдөр жана тармактын келечеги тууралуу 32 суроо берилген.
Колдонуучулардын жеке кызыгуусу да өсүүдө: сурамжылоого катышкандардын 67,7%ы 2026-жылы криптовалюталарды көбүрөөк колдоно баштаганын билдирген. Ошол эле учурда катышуучулардын 60%дан ашыгы бул рынок менен салыштырмалуу жакында - акыркы алты ай же бир жыл ичинде таанышкан.
Криптовалюта - эми инвестиция үчүн гана эмес
Негизги практикалык колдонуулардын бири эл аралык которуулар болду. Аны респонденттердин 54,7%ы атаган.
Мында катышуучулардын 59,1%ы криптовалюталарды жок дегенде бир жолу чет өлкөгө которуу үчүн колдонушкан, алардын 14,6%ы муну үзгүлтүксүз жүргүзөт. Дагы 31,5%ы азырынча колдонуп көрө элек, бирок пландап жатышат.
Криптовалюталарды товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөм жүргүзүүдө колдонуу да популярдуулукка ээ болууда: 52%ы буга чейин мындай төлөмдөрдү жүргүзгөн, дагы 41,3%ы колдонуп көрүүнү пландап жатат.
Мындан ары эмне өнүгөт?
Катышуучулар жакынкы 3–5 жылда жигердүү өнүгүшү мүмкүн болгон багыттардын ичинен көбүнчө төмөнкүлөрдү аташкан:
- GameFi - 63,4%;
- стейблкойн жана төлөмдөр - 43,3%;
- Layer-2 чечимдери - 40,2%.
Ал эми беш жылдан кийин криптовалюталарды эң кеңири колдонуу багыты катары респонденттер которууларды аташкан - 34,3%. Андан кийин DeFi - 23,2%, төлөмдөр - 15% жана активдерди токенизациялоо - 11%.
Колдонуучуларга билим жетишпейт
Кызыгуу өсүп жатканына карабастан, криптовалюталар тууралуу билим деңгээли ар түрдүү бойдон калууда. Маселен, катышуучулардын 31,9%ы криптоактивдер тууралуу укканын, бирок аларды жакшы түшүнөм деп эсептебей турганын билдирген, ал эми 30,7%ы өз билим деңгээлин базалык деп баалаган. Рынокту жакшы билем деп эсептегендердин үлүшү 18,9%ды түзгөн.
Респонденттер криптовалюталардын мындан ары жайылышына таасир этүүчү негизги фактор катары билим берүүнү аташкан - 33,1%. Ошондой эле маанилүү багыттардын арасында технологияларды өнүктүрүү, институционалдык жайылтуу, социалдык факторлор жана жөнгө салуу белгиленген.
Binance компаниясынын аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков Кыргызстандын аудиториясы санариптик активдерди практикалык колдонууга - которууларга, төлөмдөргө жана стейблкойндорго - көбүрөөк кызыгып жатканын белгиледи. Анын айтымында, компания өлкөдө жөнгө салынуучу инфраструктураны, билим берүү демилгелерин жана криптоэкосистеманын коопсуздугун өнүктүрүү боюнча ишин улантууну көздөйт.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.