Кыргызстан кантип санариптик демилгелер боюнча аймактык лидерге айланууда

Binance компаниясынын Кыргызстандын крипторыногуна берген баасы, биткоин резервин түзүүсү, санарип сомду өнүктүрүү жана дүйнөдөгү эң ири криптобиржа кыргызстандыктардын криптосабаттуулугуна кантип үйрөтүүнү пландап жатканы туралуу кеп болот - Кирилл Хомяков менен маек.

Кыргызстан кантип санариптик демилгелер боюнча аймактык лидерге айланууда

Бул маекте Binance компаниясынын Борбордук жана Чыгыш Европа, Борбордук Азия жана Африка боюнча аймактык жетекчиси Кирилл Хомяков менен крипторыноктогу акыркы жаңылыктар тууралуу, крипторезерв жана санарип сомду түзүү боюнча, ошондой эле, Binance компаниясынын санариптик сабаттуулукту жакшыртуу жана өлкөнүн алдыңкы университеттеринде криптосабаттуулук курсун киргизүү пландары тууралуу талкууладык. 

- Бүгүнкү күндөгү Кыргызстандын крипторыногунун өнүгүү деңгээлин кандай баалайсыз?

- Кыргызстандын калкынын санынын аздыгына карабай, бул жакта криптовалютаны кабыл алуу абдан жогору десем болот. Өлкө чекене инвесторлор арасында криптовалютаны кабыл алуу жагынан дүйнөлүк лидерлердин арасына кирет. Демек, өлкөдө интернет колдонуучуларынын үлүшү өсүүдө — кирүү деңгээли азыртадан эле 80%дын тегерегинде, ал эми жаштардын катышуу деңгээли абдан жогору. Маанилүү фактор - криптовалютаны мамлекеттик деңгээлде колдоо, анын ичинде Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун колдоосу саналат. Демек, бул бардык башка институттар үчүн улуттук ири долбоорлорду ишке киргизүүгө түрткү берет.

- Бүгүнкү күндө биздин аймакта рыноктун өнүгүшүнө кандай тоскоолдуктарды көрүп жатасыз?

- Негизги көйгөй, көп өлкөлөрдөй эле - колдонуучулардын билиминин төмөн деңгээли — криптовалюта соодасынын тобокелдиктери, коопсуздугу жана өзгөчөлүктөрү тууралуу билимдин жетишсиздиги. Адамдар өздөрүн коргоп, ийгиликтүү инвестор боло алышы үчүн криптосабаттуулукту өнүктүрүү маанилүү деп эсептейбиз. Экинчи жагдай - юридикалык жактарды тартуу. Жеке адамдар арасында криптокабыл алуу жогору болсо да, компаниялар дагы эле криптовалютаны колдонууда активдүү эмес. Каттоо балансынан тарта эсептешүүлөргө чейин бизнес процесстерин ишке ашыруу керек.

- Кыргызстандагы Binance колдонуучулары тууралуу айтып бере аласызбы?

- Негизги аудиторияны эркектер түзөт (78,5%). Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү 26 жаштан 35 жашка чейинкилер, 64,5%ын түзөт. Алардын 48 пайызынын жогорку билими бар, ал эми 23,1 пайызынын орто кесиптик билими бар. Респонденттердин 43%дан ашыгы жумуш менен камсыз болсо, 5,4% студенттер, ал эми дээрлик 18%ы өз бизнесине ээ. Биздин маалыматтар боюнча, 32,6% криптовалютага болгон кызыгуусун хобби деп эсептесе, 35% үчүн криптовалюталар кошумча киреше булагы болуп саналат.

Binance Бишкекте 6-октябрда саат 18:00дөн 21:30га чейин Sheraton мейманканасында ири иш-чара өткөрөт. Катышуу үчүн катталуу керек. Бул компаниянын лидерлери жана башка Binance коомчулугунун мүчөлөрү менен жолугушууга, тармактык билимдерди алмашууга, криптовалютанын жана блокчейндин динамикалык дүйнөсү жөнүндө түшүнүгүңүздү кеңейтүүгө мыкты мүмкүнчүлүк болот.

- Binance Кыргызстанда кандай билим берүү демилгелерин ишке ашырууда?

- Мен бир аз болсо да сырыбызды ачкым келип турат. Биз Binance Academy боюнча кыргыз тилинде ишке киргизүүнү аяктап жатабыз — бул октябрда ишке ашат. Ошондой эле сыйлыктарды алуу мүмкүнчүлүгү бар курстарды сунуштоо менен «Крипомектеп» долбоорун улантабыз. Мындан тышкары, биз КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын студенттери үчүн оффлайн режиминде лекцияларды өткөрөбүз. Андан кийин инвестициялык Агенттик менен бирге өлкөнүн алдыңкы университеттеринде криптосабаттуулук боюнча негизги окутуу программасын ишке киргизип жатабыз. Долбоор бир жылга пландалган онлайн жана оффлайн форматтарын камтыйт.

- Май айында Binance өлкөнүн укук коргоо органдары менен кызматташууга  убада кылган. Мунун максаты эмне?

- Биз криптоиликтөөлөргө катышкан агенттиктердин өкүлдөрү үчүн тренинг өткөрөбүз. Бул терроризмди каржылоо жана акчаны адалдоо сыяктуу оор кылмыштар менен күрөшүүгө жардам берет. Бул жерде колдонуучулар үчүн эч кандай коркунуч жок — биз алардын маалыматын укук коргоо органдары менен бөлүшпөйбүз. Милиция менен иштөө рынокко болгон ишенимди бекемдейт жана кардарлардын тажрыйбасын жакшыртууда көмөк көрсөтөт.

- Binance Pay тиркемесин Кыргызстанда ишке ашыруу, кандай жаңылыктар бар?

- Учурда биз улуттук QR-коддорду интеграциялоонун үстүндө иштеп жатабыз. Анда Binance Pay тиркемесинин pos-терминалдары бар жерлерде гана эмес,  жакында QR-коддорду кабыл алган бардык жерде төлөө мүмкүнчүлүгү болот. Процесс биз каалагандай тез болбосо да, натыйжасы жакшы болот.

- Коммерциялык банктар сиздер менен канчалык деңгээлде кызматташууга даяр?

- Кыргызстан өзгөчөлөнүп турат: бул жакта банктар биз менен иштешип жаткан 70тен ашык өлкөнүн ичинен эң активдүүсү болуп саналат. Алар ар кандай тармактарда кызматташууга даяр: карталар, стейблкоиндер, депозиттер, акча каражаттарын алуу, VIP-кызматтар. Адистердин деңгээли жогору, бул нерсе кубандырбай койбойт.

- Жакында эле Кыргызстанда улуттук криптовалюта корун түзүү тууралуу кабар тарады. Бул демилгеге кандай карайсыз?

- Тактоо ирээтинде айта кетейин, бул көпчүлүк жазып жаткандай, жөн гана биткоин-резерви эмес, кең криптокору. Анын түзүмү ишенимдүү жана жогорку кирешелүү активдерди бириктирип, портфелдик инвестицияга окшош болот. Биз бул демилгени колдойбуз, консалтинг жана инфраструктуралык чечимдерди — кастодиалдык кызматтардан OTC (over-the-counter) биржалык эмес транзакцияларга чейин. Кыргызстан биринчилерден болуп мындай механизмди ишке ашырган өлкөлөрдүн катарына кирет.

- Бул кызматташтык жана криптоиндустриясынын жалпы активдүү өнүгүшү өлкөнүн инвестициялык имиджине кандай таасир этет?

- Биз ар кандай технологиялык өнүгүү оң пайда алып келет деп эсептейбиз: жаңы жумуш орундары, салыктык кирешелердин көбөйүшү жана инвестициянын агымы. Өлкө үчүн бул анын аброюн бекемдөөгө, ири компанияларды тартууга, жергиликтүү таланттарды өнүктүрүүгө, калктын билим деңгээлин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк болуп саналат. Бул бардык катышкан тараптар үчүн утушка ээ болгон жагдай.

- Учурда Кыргызстан санарип сомду (CBDC) сынап жатат. Бул криптовалюталарга же стейблкоиндерге коркунуч туудурушу мүмкүн деп ойлойсузбу?

- Тескерисинче, CBDC блокчейн-технологияларына суроо-талапты тастыктайт. Эгерде өндүрүм пайдалуу жана ыңгайлуу болсо, ал өнүгүп кетет. Санарип сом жана стейблкоиндер параллелдүү багытта ар кандай максаттарды аткарат: CBDC – төлөмдөрдү жөнөкөйлөтүү, ачык-айкындуулукту жогорулатуу жана чыгымдарды азайтуу; стейблкоин - төлөмдөрдү тездетүү жана рынокту өнүктүрүү. Бул атаандаштык эмес, тескерисинче бири-бирин толуктап турат.

- Кыргызстан менен Казакстанды крипторыногунун өнүгүүсү жагынан көп салыштырышат. Кыргызстан коңшу өлкөнү басып өтө алабы?

Чынында эле Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда кандайдыр бир атаандаштык бар, бирок бул позитивдүү, өнөр жайды өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга түрткү берет. Мен Казакстан Кыргызстандан бир топ алдыда деп айтпайт элем. Эки өлкөнүн тең окшош жана криптодостук саясаты бар.

- Маегиңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз!