2026-жылы кыргызстандыктар электромобилдерди бажы төлөмсүз алып кире алышат

2026-жылы Кыргызстан 15 миңге чейин электромобилдерди жана гибриддерди салыксыз алып кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

2026-жылы кыргызстандыктар электромобилдерди бажы төлөмсүз алып кире алышат
Иллюстрациялык сүрөт

Мындай чечим Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынында кабыл алынып, анда ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары бир катар мүчө-мамлекеттер үчүн тарифтик жеңилдиктерди кеңейтүүнү макулдашты.

Чечимге ылайык, алымсыз импорт Армения менен Кыргызстанга багытталган «таза электр унааларына» жана «сериялуу гибриддерге» (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 8703 80 000 5) тиешелүү. Ушундай эле жеңилдик Беларуска да берилген, бирок «таза электр унаалары» үчүн гана (ЕАЭБ ТН ВЭД коду 8703 80 000 3). Кийинки жылга квоталардын көлөмү:

  • Беларусь — 20 000 электромобиль;
  • Армения — 15 000 даана;
  • Кыргызстан — 15 000 даана.

Евразия экономикалык комиссиясы бул чара өзүнүн натыйжалуулугун далилдегенин белгилейт.

«Биз мындан ары электр унаа рыногун жана кубаттоо инфраструктурасын өнүктүрүүгө, ошондой эле экологиялык таза транспорттун үлүшүн көбөйтүүгө көмөктөшөт деп күтөбүз», - деп баса белгиледи ЕЭК соода министри Андрей Слепнев.

Эскерте кетсек, буга чейин Мамлекеттик бажы кызматы электромобилдерди алымсыз ташып келүүнүн белгиленген чеги жакындап калганын билдирген.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.