Бул тууралуу Улуттук банктын калктын финансылык сабаттуулугу боюнча жүргүзгөн изилдөөсүндө айтылат.
Акыркы бир жылда сурамжылоого катышкандардын 54%ы кеминде бир финансылык продуктуну сатып алган. Кредиттик продуктуларды 36%ы, камсыздандыруу продуктуларын 32%ы, төлөм кызматтарын 24%ы пайдаланган.
Ошол эле учурда 2021-жылга салыштырмалуу кредиттик өнүмдөрдү колдонуу 21%га, ал эми камсыздандыруу онүмдөрүн колдонуу 28%га өскөн.
Акча сактоону ойлонгондор үчүн банктык инструменттер да негизги варианттардын бири бойдон калууда. Респонденттердин 44%ы банкты артыкчылыктуу варианттардын катарына кошкон. Кыймылсыз мүлктү 14%ы, өз бизнесин 11%ы, алтынды 8%ы тандаган.
Ошол эле учурда Кыргызстандын жашоочулары өз финансыларын жакшыраак пландаштыра башташкан. Сурамжылоого катышкандардын 77%ы акча топтой турганын, 89%ы бюджетин пландаштырарын билдирген. 70%ынын узак мөөнөттүү каржылык максаттары бар. Алардын ичинен эң кеңири тараганы - кыймылсыз мүлк сатып алуу. Мындай максатты сурамжылоого катышкандардын 27%ы атаган.
Бирок чогултулган каражатка байланыштуу абал татаалыраак: болгону 15 пайызынын кеминде алты айга жете турган акчасы бар. 32 пайызынын акча кору болжол менен бир жумадан бир айга чейин жетет, ал эми 18 пайызынын топтогон акчасы бир жумага да жетпейт.
Изилдөөгө ылайык, сурамжылоого катышкандардын 35%ы акыркы бир жылда финансылык кыйынчылыктарга туш болгон. Акча жетишсиздигин чечүүнүн эң кеңири тараган жолу жакындарынан карыз алуу болгон: 12%ы туугандарынан, досторунан же тааныштарынан карыз алышкан.
Дагы 5%ы кошумча жумуш издесе, 3%ы банкка жардам сурап кайрылган.
Ошол эле учурда изилдөө финансылык көйгөйлөр көпчүлүк үчүн тынчсыздануунун булагы бойдон калып жатканын көрсөтөт: респонденттердин 59%ы акчасы жетпей калат деп кооптонсо, 63%ы финансы алардын жашоосун көзөмөлдөйт деп эсептейт.
Жалпысынан, 2025-жылы Кыргызстандын эрезеге жеткен калкынын финансылык сабаттуулук деңгээли 59%ды же 20 баллдан 11,8 баллды түзгөн. 2021-жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч өскөн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.