Салттуу банкингге альтернатива
«Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтом долбоору Улуттук банк тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Бул тууралуу аталган жөнгө салуучу органдын басма сөз кызматы билдирди.
Документ ЧУАды өркүндөтүү максатында иштелип чыккан жана Кыргызстанда ислам принциптерине ылайык каржылоону өнүктүрүүгө багытталган. Ошондой эле КРнын Улуттук банкынын лицензиясы бар банктар, микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар колдоно ала турган ислам принциптерине ылайык келишимдердин тизмесин көбөйтүү каралган.
Мындан тышкары, долбоор төмөнкүлөрдү ишке ашырууга багытталган:
- 2023-2027-жылдарга Кыргыз Республикасында Ислам экономикалык платформасын өнүктүрүү концепциясынын багыттарын банктык кызмат көрсөтүүлөр аркылуу жеке ажылык сапар үчүн калктын узак мөөнөттүү топтоо көндүмдөрүн өнүктүрүү бөлүгүндө ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы;
- КРнын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга каржылоо маалыматы үчүн банктык кызмат көрсөтүүлөр линиясын кеңейтүү боюнча иш-чаралар планы;
- КРнын Улуттук банкынын 2025-2030-жылдар аралыгандагы ишинин стратегиялык багыттарында белгиленген максат.
Токтом долбоору менен төмөнкү жоболорго жана көрсөтмөлөргө өзгөртүүлөр киргизилет:
2009-жылдын 23-сентябрындагы «Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө» жобо;
- 2011-жылдын 26-октябрындагы ислам каржылоо принциптерине ылайык микрофинансылык уюмдар жана кредиттик союздар тарабынан жүзөгө ашырылуучу операциялар жөнүндө жобо;
- 2019-жылдын 13-июнундагы ислам каржылоо принциптерине ылайык ачылган банктык эсептер, банктык депозиттик эсептер (аманаттар) менен иштөө боюнча нускама.
Токтомдун долбооруна толуктоолор жана өзгөртүүлөр төмөнкүлөргө багытталган:
- банктардын, микрофинансылык уюмдардын жана МФУга ылайык иш алып барган кредиттик союздардын каржылоо маалыматын кеңейтүү;
- «вакаля бил-истисмар» келишиминин негизинде алардын депозиттер менен иштөө тартиби жана бул өндүрүмдү инвестициялык инструмент катары пайдалануу жөнүндө кеңири түшүндүрмө берүү.
Долбоорго ылайык:
- депозиттерди тартуу укугуна ээ болгон банктар жана МФКлар «вакаля биль-истисмар» келишиминин негизинде депозиттерди тартуу жана башкаруу боюнча агент катары чыга алышат. Алар ошондой эле инвестиция үчүн «вакаля биль-истисмар» келишимин колдоно алышат, инвестицияны башка агентке ишенип тапшырган негизги ролду аткарышат;
- Кредиттик союздар (КС), мүчөлөрүнүн депозиттерин тартууга лицензиясы бар акча каражаттарын тартуу куралы катары «вакаля биль-истисмарды» колдоно алышат;
- Микрокредиттик компаниялар (МКК), микрокредиттик агенттиктер (МКА) жана кредиттик союздао «вакаля биль-истисмар» келишимин инвестициялык инструмент катары колдоно алышат жана башка агентке инвестицияларды ишенип тапшыруу боюнча негизги ролду ойной алышат.
Толуктоо жана өзгөртүүлөр банктарды, микрофинансылык уюмдарды жана кредиттик мекемелерди кардарлардын каражаттарын тартуу жана башкаруу, ошондой эле өздүк каражаттарды инвестициялоо үчүн шарият стандарттарына жооп берген инструмент менен камсыздоого багытталган.
«Вакаля биль-истисмар» келишиминин укуктук жөнгө салынышын камсыз кылуу бул уюмдар тарабынан айрым тобокелдиктерди азайтат жана ислам өндүрүмдөрүнө болгон ишенимди жогорулатат.
Документте ошондой эле төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилет:
1. Банктар үчүн ислам операциялары жөнүндө жобо «вакаля биль-истисмар» келишиминин жаңы бөлүмдөрү менен толукталды, аларда:
- «Вакаля биль-истисмар» өндүрүмүнүн аныктамасы, агент пайда алуу үчүн негизги каражаттарды башкарган келишим. Мында банк же МФУ/КС (тиешелүү уруксаты бар болсо) агент катары чыга алат, эгерде ал «вакаля биль-истисмардын» депозиттик продуктусу болсо;
- туруктуу сумма, инвестицияланган каражаттардын үлүшү же белгиленген лимиттер менен алдын-ала макулдашылган көрсөткүч түрүндөгү агенттин сый акысы. Бул өзгөчөлүк «вакаля били-истисмардын» «мударабадан» артыкчылыгын аныктайт;
- күтүлгөн киреше жана бонустар: эгерде иш жүзүндөгү пайда күтүлгөн кирешеден ашып кетсе, ашыкча сумма бонус катары негизги жана агент ортосунда бөлүштүрүлүшү мүмкүн;
- агенттин ыйгарым укуктары жана келишимдин шарттары: агенттин чектелген жана чексиз ыйгарым укуктары аныкталат, инвестициянын көлөмү жана мөөнөтү келишимде белгиленүүгө тийиш;
- пайданы орточо эсепке алуу резерви: кирешени орточо эсепке алуу резерви негиз берүүчүнүн макулдугу менен түзүлүшү мүмкүн. Резервдин максаты - негизги карыздын кирешесинин өзгөрүшүн тегиздөө;
- агенттин жоопкерчилиги: анын күнөөсү боюнча жоготуулар келип чыккан учурларды кошпогондо, агент пайдага же капиталдын кайтарылышына кепилдик бербейт;
- кирешелүүлүккө жетише албагандыгы үчүн компенсация: эгерде кирешенин минималдуу деңгээли белгиленсе жана ага жетишилбесе, агент айырманы өз каражаттарынын эсебинен толтурууга милдеттүү;
- каражаттарды бириктирүү: чексиз «вакаля биль-истисмар» келишими боюнча каражаттар чексиз мудараба келишими боюнча агент тарабынан башкарылуучу каражаттар менен бириктирилиши мүмкүн;
- салттуу финансы институттары менен өз ара аракеттенүү: банктар же МФУдар/КСдар шариат стандарттарына ылайык келген жана Шарият кеңеши тарабынан жактырылган келишимдерди колдонуу шартында иш-аракети пайыздык төлөмдөрдү алууга негизделген өнөктөштөр менен агент катары «вакаля биль-истисмар» келишимдерин түзө алышат.
2. Депозиттер менен иштөө боюнча нускама пайдага катышуу коэффициентинин мүнөздөмөсү менен толукталат: банк келишимдин түрүнө, тобокелдиктин даражасына, салымдын өлчөмүнө жана мөөнөтүнө жараша коэффициенттин матрицасын бекитүүгө тийиш.
Маанилүү өзгөртүү – бул «вакаля биль-истисмар» депозиттик келишими жеке кардарлар үчүн кирешелүүлүктүн минималдуу деңгээлин белгилеши керек деген талап. Бул талап продуктуну практикада сынап көрүү жана каржылоо маалыматына операцияларын жүргүзгөн банктарга кардарлардын ишенимин жогорулатуу максатында киргизилүүдө. Ошол эле учурда, жеке адамдар көбүнчө кесипкөй инвесторлор эмес жана инвестициялык продуктулардын бардык татаалдыктарын жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерин толук түшүнбөгөндүктөн потенциалдуу зыянга дуушар болушу мүмкүн.
«Кыргыз Республикасынын мыйзамдык базасына «вакаля биль-истисмар» келишимин киргизүү ислам каржылоосун өнүктүрүүнүн дүйнөлүк тенденцияларына туура келет. Бул инструмент Малайзия, БАЭ жана Казакстан сыяктуу исламдык финансы инфраструктурасы өнүккөн өлкөлөрдө кеңири колдонулат», - деп айтылат негиздемеде.
Эл аралык тажрыйба
Малайзия
Малайзия исламдык каржылоо тармагында дүйнөлүк лидерлердин бири. «Вакаля биль-истисмар» келишимин ислам банктары активдүү колдонууда. Жөнгө салуу Малайзиянын Борбордук банкы (Bank Negara Malaysia) тарабынан жүзөгө ашырылат.
Малайзиянын мыйзамдарына ылайык, «вакаля биль-истисмар» бул - инвестициялык эсеп жана анын кирешеси күтүлөт жана кепилденбейт. Негизги капиталга Perbadanan Insurans Deposit Malaysia да кепилдик бербейт.
Малайзиянын ислам банктары - Bank Muamalat Malaysia Berhad жана MBSB Bank - аталган келишимдин негизинде инвестициялык продуктыларды сунушташат, мында аманатчы шариат тарабынан уруксат берилген активдерге каражат салуу үчүн банкты өзүнүн агенти катары дайындайт. «Вакаля биль- истисмар» келишимине негизделген инвестициянын шарттары кардардын статусуна жараша да айырмаланышы мүмкүн: жеке же юридикалык жак.
Bank Muamalat жеке адамдар үчүн инвестициялык продуктунун төмөнкү минималдуу кирүү босогосун - мөөнөтүнө жараша 1 миң ринггиттен (234 АКШ доллары) 5 миң ринггитке (1 миң 170 АКШ доллары) чейин ээ. Инвестициялык мөөнөттөр 1 айдан 12 айга чейин өзгөрөт.
Күтүлгөн кирешеден ашкан бардык пайда банкта калат, эгерде каражаттар мөөнөтүнөн мурда алынса, инвестор бардык пайдасынан ажырайт.
MBSB Bank юридикалык жактар үчүн инвестициялык продуктуну сунуштайт. Инвестициялардын минималдуу суммасы 500 миң ринггитти (117 миң доллар) түзөт. Инвестициялоо мөөнөтү көбүрөөк - 1 күндөн 60 айга чейин. Пайданы бөлүштүрүү шарттары жогорудагы банктыкына окшош: банк ошондой эле профицитти күтүлгөн ченден жогору кармап турат.
Мөөнөтүнөн мурда чыккан учурда инвестор 31 күн мурун банкка кабарласа, пайданын 50% алат, бирок билдирүү жок болсо эч нерсе албайт.
Эки банкта тең бул продуктылар салттуу депозиттерге караганда инвестициялык эсептер болуп саналат. Бир дагы банк негизги карыздын кайтарылышына кепилдик бербейт жана бир дагы продукт депозитти камсыздандыруу менен корголбойт.
Казакстан
Казакстанда ислам банкы депозиттерди милдеттүү камсыздандыруу системасынын катышуучусу болуп саналбайт, ал эми ислам банктарындагы депозиттер депозиттерди милдеттүү камсыздандыруу системасы менен кепилденбейт.
«Казакстан Республикасындагы банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамына ылайык, ислам банктык депозиттери эки түргө бөлүнөт: пайызсыз жана инвестициялык:
- Талап боюнча пайызсыз депозиттер – бул, кардардын талабы боюнча банк негизги сумманы кайтарып берүүгө милдеттенген сый акысыз депозиттер.
- Инвестициялык депозит – бул банк кардардын акчасын белгилүү бир мөөнөткө кабыл ала турган, бирок негизги сумманы кайтарып берүү кепилдиги жок келишим.
Казакстанда эки банк ислам принциптерине ылайык кызмат көрсөтөт: ААК «Ислам Банкы» «Заман-Банк» жана АК «Ислам Банкы» «ADCB». Банктар «вакаля биль- истисмар» келишиминин негизинде инвестициялык эсептерди сунушташат, бирок ар кандай шарттар жана ыкмалар менен.
Токтом долбоору менен толук бул шилтемеден таанышса болот.
Токтом долбоорун кабыл алуу терс социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык же коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.
Кызыкдар тараптар 2025-жылдын 19-сентябрынан кечиктирбестен жобонун долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын [email protected] электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүшү керек.
Эске салсак, III Эл аралык «ПЛАС-Форумунун «Digital Kyrgyzstan - 2025» жүрүшүндө «Элдик Банк» ААКнын Ислам терезесинин жетекчиси Эстер Аймукамбетов «Салттуу банктарда исламдык каржылоону өнүктүрүү» аталышындагы темада баяндама жасаган.
«Кыргызстанда исламдык каржылоо үчүн жагымдуу шарттар түзүлдү. Ислам продукциялары КР Улуттук банкынын жана Эл аралык Ислам финансы институттарынын бухгалтердик эсеп жана аудит уюмунун (AAOIFI) стандарттарын эске алуу менен иштелип чыккан. Кыргызстан дагы 61 исламдык инструментти камтыган AAOIFI стандарттары боюнча иштейт», - деп билдирген ал.