Кыргызстан сом менен камсыздалган алгачкы улуттук стейблкоинди ишке киргизди

Кыргызстанда улуттук валюта менен камсыздалган алгачкы улуттук стейблкоин - USDKG расмий түрдө катталды.

Кыргызстан сом менен камсыздалган алгачкы улуттук стейблкоинди ишке киргизди
Сүрөт: ЖИ

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын маалыматына ылайык, ал 2025-жылдын 27-октябрынан 31-октябрына чейинки мезгилде мамлекеттик каттоодон өткөрүлдү. 

Санариптик активдердин эмитенти болуп 2024-жылдын декабрында каттоодон өтүп, кайра 2025-жылдын январь айында катталган «Виртуалдык активдер эмитенти» ААК саналат. Компания программалык камсыздоону иштеп чыгууга адистешкен.

Компаниянын негиздөөчүсү КРнын Финансы министрлиги болуп саналат, бул USDKG өлкө тарыхындагы мамлекет тарабынан колдоого алынган биринчи стейблкоин болуп калды.

Сом менен камсыздалган жаңы санариптик актив, улуттук санариптик финансылык инфраструктураны калыптандырууга жана өнүгүп келе жаткан Улуттук санариптик экосистеманын алкагында коопсуз төлөмдөр жана инвестициялар үчүн инструменттерди кеңейтүүгө карай кадам болуп саналат.