Документ эмнени сунуштайт
Долбоор социалдык маанилүү азыктарды жана ата-мекендик товарларды сатууда өндүрүүчүнүн же импорттоочунун сатуу баасынан 5%дан ашырбоосу керек (жергиликтүү өндүрүш жок болгон учурда).
Бул эмне үчүн керек
Экономика министрлиги белгилегендей, демилгенин негизги максаттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- калктын эң зарыл товарларга жетүүсүн камсыз кылуу;
- ички рынокто инфляциялык басымды азайтуу;
- баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө;
- ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жергиликтүү продукцияны сатууну стимулдаштыруу;
- социалдык стабилдүүлүктү чыңдоо жана баалардын өсүшүнөн улам келип чыккан чыңалууну азайтуу.
Бул эмне үчүн актуалдуу
Министрликтин маалыматы боюнча, инфляциянын өсүшү менен Кыргызстандын соода түйүндөрүндө социалдык маанилүү товарлардын баасы объективдүү рыноктук факторлорго караганда тез өсүп жатат.
Экономика министрлиги, бул чечим бааны турукташтырат жана жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү, керектөөчүлөрдү коргойт деп эсептейт.
Укуктук негиздер
Долбоор Кыргыз Республикасынын «Ички соода жөнүндө» мыйзамынын соода эрежелеринин сакталышына мамлекеттик көзөмөл жүргүзүүнү караган 7-беренесинин негизинде даярдалган. Бул механизм мамлекетке керектөө рыногундагы өзгөрүүлөр учурунда баа түзүү процесстерине ыкчам кийлигишүүгө мүмкүндүк берет.
Күтүлгөн эффект
Министрлик токтом төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет деп эсептейт:
- спекуляциялык процесстерди ооздуктоо;
- негизги товарларга бааларды жөнгө салуунун натыйжалуулугун жогорулатуу;
- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо;
- ата мекендик өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү;
- калктын экономикалык таламдарын коргоо.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.