Документте коррупция тууралуу кабарлоону чечкен жарандарды коргоону күчөтүү гана эмес, кылмыштын бетин ачууга же мамлекетке уурдалган каражаттарды кайтарууга жардам берген маалымат үчүн акчалай сыйлык берүү системасын киргизүү сунушталууда.
Долбоорду иштеп чыккандардын пикиринде, 2019-жылы кабыл алынган азыркы мыйзам маалымат берүүчүлөрдү жетиштүү деңгээлде коргой албайт.
Негизги жаңычылдыктардын бири коррупция тууралуу коопсуз түрдө билдирүүгө мүмкүнчүлүк берген бирдиктүү электрондук порталдын ишке киргизилиши болмокчу. Арыз ээлери мамлекеттик кызматтар жана «Түндүк» тиркемеси аркылуу кайрылуусунун абалын көзөмөлдөп, билдирүүлөрдү жана кароонун жыйынтыктарын ала алышат.
Мыйзам долбоору ошондой эле коррупция тууралуу билдирген адамды жумуштан бошотууга, кызматын төмөндөтүүгө, сый акысынан ажыратууга, басым көрсөтүүгө же башка жолдор менен куугунтуктоого тыюу салат.
Мамлекет арыз ээсинин өздүгүн жашыруун сактоого милдеттенет. Эгер анын коопсуздугуна коркунуч жаралса, ага мамлекеттик коргоо чаралары, анын ичинде кайтаруу, убактылуу коопсуз жайга жайгаштыруу, юридикалык жана психологиялык жардам көрсөтүлөт.
Мындан тышкары, эгер арыз ээсинин маалыматы коррупциялык кылмышты аныктоого, мыйзамсыз активдерди кайтарууга же мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга жардам берсе, ал акчалай сыйлык алууга укуктуу болот.
Төлөмдүн өлчөмү мамлекеттик бюджетке түшкөн каражаттын белгилүү бир пайызы менен эсептелет. Бирок анын эң жогорку чегин Министрлер кабинети аныктайт.
Демилгенин авторлору жаңы чаралар коррупциялык кылмыштарды көбүрөөк аныктоого, ак ниет маалымат берүүчүлөрдү коргоого жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин арттырууга өбөлгө түзөт деп эсептешет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.