Кыргызстандыктар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн пенсия ала алышат - ал кантип иштейт

2021-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин аймагында иштеп, пенсиялык укуктарга ээ болгон жарандар эмгек мигранттары болуп эсептелет.

Кыргызстандыктар ЕАЭБ өлкөлөрүнөн пенсия ала алышат - ал кантип иштейт
Иллюстрациялык сүрөт

ЕАЭБге төмөнкү мамлекеттер кирет: Кыргызстан, Казакстан, Орусия, Армения жана Беларусь.

Кыргызстандын Социалдык фонду 171 жаранга пенсия чектеди, анын ичинде:


  • Россиянын 154 жаранына (14 жаран КРнын мыйзамдарына ылайык пенсияга чыкты, беш жарандын пенсиясы токтотулган); 
  • Казакстандын 14 жаранына (2 жаранга пенсия арыздын негизинде токтотулган); 
  • Беларустун 3 жаранына (1 жаран Кыргыз Республикасынын мыйзамдары боюнча пенсия алган). 

Тескерисинче: 

  • Россия Федерациясы Кыргызстандын 134 жаранына пенсиянын бир бөлүгүн чектеди.

Келишим мигранттарга пенсиялык укуктарын сактап калууга жана биримдиктин ар кайсы өлкөлөрүндө топтогон иш тажрыйбасы үчүн төлөмдөрдү алууга мүмкүнчүлүк берет.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.