Соцфонддун маалыматына ылайык, 2026-жылдын 1-октябрына карата пенсиялык топтомо каражаттарын алгандардын жалпы саны 248 125 адамды түздү. Төлөмдүн жалпы суммасы 7 млрд 386,8 млн сом болгон.
Төлөмдөр төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
- Пенсия курагына жеткен – 214 500 адамга 3 млрд 630 млн сом төлөнгөн;
- Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөдөн чыгып кеткен – 4 729 жаран 273 млн сом алышкан;
- Каза болгон адамдардын мураскорлоруна - 13 376 адамга 443,1 млн сом төлөнгөн;
- Аскер кызматчыларына – 1058 адамга 13,9 млн сом төлөндү;
- Ипотекалык кредит алып жаткан – 402 адамга 93,6 млн сом берилген;
- Ипотекалык кредит алган – 10 713 адамга 2 млрд 395,4 млн сом берилген;
- Турак жайды ижарага алуу боюнча төлөмдөрдү төлөгөндөр МИК каржылайт – 972 адамга 152,5 млн сом берилген;
- Банк кепилдигин берүү менен үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга – 616 адам 188,6 млн сом;
- МИК, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрия тарабынан Мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулуштун катышуучуларына – 81 адам 13,4 млн сом);
- Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган – 610 адамга 8,9 млн сом төлөнгөн;
- Оор оорулары бар – 1068 адамга 174,4 млн сом төлөндү.
Топтомо пенсияны эмнелерге колдонууга болот?
Пенсия курагына жеткен жарандар. Жеке камсыздандыруу эсебинин топтоо бөлүгүндө эсепке алынган пенсиялык топтоолору бар болсо «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» КРнын мыйзамына ылайык пенсия алган жана пенсия алууга укуктуу пенсионерлерге төлөнүп берилет.
Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда. Кыргызстандын чегинен тышкары туруктуу жашоо үчүн кеткен же кетип жаткан жарандар да жеке камсыздандыруу эсептеринде сакталган пенсиялык топтомолорун ала алышат.
Мураскорлор. Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.
Аскер кызматкерлерине төлөө. Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.
Ипотекалык насыялоо жана турак жай алуу. Пенсиялык топтоолору бар адамдарга, алардын жубайларына 500 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ипотекалык кредиттин калдыгынын суммасынан ашпаган суммада.
«Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсы тарабынан ишке ашырылуучу мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн.
Үлүштүк курулушка катышкандарга төлөө. МИК тарабынан Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан ишке ашырылып жаткан мамлекеттик турак жай программасынын алкагында үлүштүк курулушка катышкан адамдарга, алардын жубайларына, үлүштүк турак жай курулушуна катышкан же курулган объекттерде курулуш субъекттеринен бөлүп төлөө келишими боюнча төлөмдөрдү төлөгөн адамдарга, алардын жубайларына 500 эсептик көрсөткүчтөн кем эмес жана ушул төлөмдүн калдыгынын суммасынан ашпаган суммада.
Оор ооруларды дарылоо. Оор оорулары бар адамдарга, ошондой эле алардын жубайларына, балдарына, ата-энелерине дарыланууну каржылоо үчүн пенсиялык топтомо каражаттарын мөөнөтүнөн мурда ала алышат.
Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.