Кыргызстанда банк тармагындагы алдамчылыкка каршы чараларды күчөтүүнү сунуштоодо

Документке ылайык, долбоор интернетти, мобилдик тиркемелерди, аралыктан банктык кызматтарды жана башка санариптик каналдарды колдонуу менен жасалган кылмыштардын алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча комплекстүү укуктук жана уюштуруу механизмдерин түзүүгө багытталган.
Акыркы жылдары банктык чөйрөгө байланыштуу жаңы кылмыштардын түрлөрү кеңири жайылтылууда, санариптик технологиялардын өнүгүшү менен Кыргызстанда интернет-алдамчылык, киберкылмыштуулук, фишинг, жеке маалыматтарга мыйзамсыз кирүү, банк карталары менен аралыктан алдамчылык жана башка мыйзамсыз аракеттердин түрлөрү сыяктуу заманбап маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштар көбөйдү.
Кыргызстандагы киберкылмыштар Кылмыш-жаза кодекси менен жөнгө салынат, анда бүтүндөй бир бөлүм кылмыштын бул түрүнө арналган. Анда «Электрондук билдирүүлөрдү массалык түрдө жайылтуу», деген өңдүү бир катар беренелер бар. Алардын көбү айып пулдан тышкары беш жылга чейин эркинен ажыратуу да каралган.
Негизги коркунучтар болуп төмөнкүлөр саналат:
- маалымат системаларына кибер чабуулдардын санынын өсүшү;
- cанариптик технологияларды колдонуу менен алдамчылык фактыларынын көбөйүшү (мисалы, фейк веб-сайттар, алдамчылык чалуулар, фишинг);
- жарандардын жеке маалыматтарын ачыкка чыгаруу жана аларды мыйзамсыз максаттарда пайдалануу;
- калктын тобокелдиктерди баалабаганы жана мүмкүн болуучу коркунучтар жөнүндө маалыматынын жетишсиздиги.
Бул көйгөйлөр аларды чечүүгө комплекстүү мамилени, анын ичинде мыйзам негизинде чараларды көрүүнү, мамлекеттик органдардын ортосундагы координацияны жакшыртууну жана калктын маалымдуулугун жогорулатууну талап кылат.
Токтомдо сунушталган негизги чаралар болуп төмөнкүлөр саналат:
Министрлер Кабинетине тапшырылат:
- банктык чөйрөсүндөгү жаңы кылмыштарды жоюу жана күрөшүү ыкмаларын иштеп чыксын;
- банктык чөйрөдөгү кылмыштар боюнча системалуу талдоо жүргүзсүн;
- банктык чөйрөсүндөгү кылмыштарды жасаган жактардын жоопкерчилигин күчөтсүн;
- мыйзам ченемдерин жана техникалык стандарттарды жакшыртуу аркылуу жарандардын жеке маалыматтарын коргоону камсыз кылуу.
- ушул токтом күчүнө киргенден кийин 10 – күндөн кем эмес убакытта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети, Кыргыз Республикасынын жалпы Жогорку Кеңешине аталаган маселе боюнча кеңири маалымат берсин.
- ушул токтомдо көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине квартал сайын маалымат берип турсун.
Улуттук Банкка тапшырылат:
- банктык чөйрөдөгү кылмыштар боюнча системалуу талдоо жүргүзсүн;
- банктык чөйрөсүндөгү кылмыштарды жасаган жактардын жоопкерчилигин күчөтсүн;
- коммерциялык банктар менен бул багытта ишти күчөтсүн жана аталган кылмыштарга байланышы бар коммерциялык банктардын жоопкерчилигин жогорулатсын;
- ушул токтомдо көрсөтүлгөн милдеттердин аткарылышы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин тиешелүү комитеттерине квартал сайын маалымат берип турсун.
Долбоордун өзүнчө пунктунда төмөнкүлөр каралган:
Банктык чөйрөсүндөгү кылмыштар боюнча фактыларды тергөөнүн жыйынтыгынын негизинде жарандарга келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча Министрлер Кабинети, Башкы прокуратура жана Улуттук банк иш жүргүзсүн.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.