Мындай маалымат брифинг маалында Улуттук статистикалык комитет тарабынан айтылды.
Бул көрсөткүч 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 2 пайызга көбөйгөн.
Мында соода динамикасы көп багыттуу болгон:
- экспорттук жеткирүүлөр 20,3 пайызга азайган;
- импорттук түшүүлөр тескерисинче 6,1 пайызга көбөйгөн.
Ошондой эле бул аралыкта Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө мамлекеттер менен өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 396,8 млн долларды түзүп, 2025-жылдын январь айына салыштырмалуу 11,3 пайызга өскөн.
Өлкөнүн ЕАЭБ алкагындагы негизги өнөктөштөрү:
- Орусия - өз ара соода жүгүртүүсү 68,6 пайыздык үлүш;
- Казакстандын үлүшү - 29 пайызды түздү.
Ошентип, интеграциялык бирикменин алкагында Кыргызстандын соода жүгүртүүсүнүн басымдуу бөлүгүн бул эки өлкө түздү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.