Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын маалыматына караганда, мониторингдин жыйынтыгы боюнча кой этинин бир килограммы орточо 850 сом, уй этинин бир килограммы 780 сом турат. Негизги азык-түлүктөрдүн ичинен эң кымбатын сары май түздү.
Өлкө боюнча негизги азык-түлүктөрдүн баалары:
- Кой эти - кг үчүн 850 сом;
- Уй эти - кг үчүн 780 сом;
- Сары май - кг үчүн 671,1 сом;
- Күрүч - кг үчүн 144,4 сом;
- Кант - 1 кг үчүн 79,1 сом;
- Жумуртка - 10 даанасы үчүн 123,4 сом;
- Күн карама майы - литри үчүн 171,3 сом;
- Сүт - литри үчүн 85,6 сом;
- Картошка - кг үчүн 31,6 сом;
- Пияз - кг үчүн 30,2 сом;
- Сабиз - кг үчүн 47,6 сом.
АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин орточо баасы литрине 88,4 сомду, дизель майынын баасы 100,6 сомду, авто газдын баасы - 49,3 сомду түздү.
Жергиликтүү көмүрдүн бир тоннасы орточо 7 441,7 сом, импорттук көмүрдүн бир тоннасы - 9 100 сом турат.
Эске салсак, жыл башынан бери Кыргызстанда баалар жана тарифтер 8,1%га өстү.
Акыркы маалыматтар боюнча, Кыргызстанда калктын киши башына эсептелген орточо жашоо минимуму айына 9 890,28 сомду түздү.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.