Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Сооданын структурасы жана динамикасы
Товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүндө экспорт 17,6%, импорт 82,4%ды түздү. Тышкы жана өз ара сооданын төмөндөшү экспорттун көлөмүнүн да, импорттук түшүүлөрдүн да төмөндөшү менен шартталган.
Экспорт жана импорт
Кыргызстандын экспортунун көлөмү 23,7%га төмөндөп, 1,7 млрд АКШ долларын түздү.
Товарлардын импорту 8,1 млрд АКШ долларын түзүп, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,2%га кыскарган. Импорттун азайышы үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын кеңири ассортиментин, анын ичинде унааларды, жабдууларды жана фармацевтикалык өндүрүмдөрдү жеткирүүнүн кыскарышына байланыштуу болгон.
ЕАЭБ алкагындагы соода
2025-жылдын сегиз айында ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара сооданын көлөмү 3,3%га төмөндөп, 3,3 млрд долларды түздү.
Мында ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 35,7%га кыскарса, импорт 10,8%га өскөн.
Кыргызстандын биримдиктеги негизги өнөктөштөрү Орусия (65,7%) жана Казакстан (32,1%) бойдон калууда.
Үчүнчү өлкөлөр менен соода алакасы
ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен тышкы сооданын көлөмү 6,5 млрд долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,8%га аз.