Кыргызстан экспорт көлөмүнүн азайганына карабастан, ЕАЭБ менен сооданы көбөйтүүдө

2025-жылдын январь-июль айларында Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 8,7 миллиард АКШ долларын түздү.

Кыргызстан экспорт көлөмүнүн азайганына карабастан, ЕАЭБ менен сооданы көбөйтүүдө
Иллюстрациялык сүрөт

Статистика көрсөткөндөй, бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,4%га аз.

Товар жүгүртүүнүн структурасы 

Тышкы сооданын жалпы көлөмүндө экспорт 17,2%, импорт - 82,8%ды түздү.

Экспорт 13,3%га азайып, 1,5 млрд АКШ долларын түздү.

Импорттун көлөмү 4,8%га азайып, 7,2 млрд АКШ долларын түздү.

Импорттун төмөндөшү үчүнчү өлкөлөрдөн товарлардын кеңири түрлөрү – автоунаалардан жана тиричилик техникаларынан тарта жабдууларга, фармацевтикага чейин жеткирүүнүн кыскарышына байланыштуу.

ЕАЭБ менен соода кылуу

2025-жылдын январь-июль айларында Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2,9 миллиард долларды түздү, бул өткөн жылга салыштырмалуу 3,2%га көп.

ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорт 23,1%га кыскарган. Ал эми импорт 12,5%га өстү.

Орусия (өз ара сооданын 65,6%) жана Казакстан (32,2%) негизги өнөктөштөр  бойдон калууда. Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүндөгү ЕАЭБдин үлүшү 33,6%ды, экспорттун 38%ын, импортунун 32,7%ын түздү.

Үчүнчү өлкөлөр менен соода жүргүзүү

ЕАЭБге кирбеген өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүү 5,7 млрд АКШ долларын түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 10,6%га аз. Бул соода республиканын жалпы соода жүгүртүүсүнүн - 66,4%ын, экспорттун - 62%ын, импорттун - 67,3%ын түздү.