Кыргызстандын бюджети 71 миллиард сомдон ашык профицит менен аткарылды

Бул өлкөнүн ички дүң продукциясынын 12,4%ын түзөт. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялады.
Финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн каражаттарды кошкондо мамлекеттик бюджеттин кирешелеринин жалпы көлөмү 261 миллиард 199,1 миллион сомго жетти. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү 91 миллиард 015,7 миллион сомду түзүп, 1,5 эсеге өскөн. Бюджеттин кирешелеринин ИДПга карата үлүшү 45,6%ды түздү.
Кирешелердин негизги бөлүгү — дээрлик 64%ы — салык төлөмдөрүнөн түшкөн, ал 166 миллиард 603,2 миллион сомду түздү. Бул 2024-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 32 миллиард 938,6 миллион сомго (же 24,6 пайызга) көп.
Эң чоң өсүүнү төмөнкүлөр көрсөткөн:
- эл аралык соода жана операцияларга болгон салыктар - 9 млрд 823 млн сомго (1,9 эсеге);
- киреше салыгы – 5 млрд 962,4 млн сомго (38,9%га) көбөйгөн.
Салыктын жалпы кирешесинен:
- 113 млрд 576,8 млн сом (68,2%) ички салыктар түздү;
- 53 млрд 026,4 млн сом (31,8%) – тышкы экономикалык ишмердүүлүктөн түшкөн салыктар.
Тышкы экономикалык ишмердүүлүктөн түшкөн киреше 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 6,9%га (3 млрд 433,2 млн сомго), ал эми ички салыктардан 35,1%га (29 млрд 505,3 млн сомго) өстү.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.