Курс USD 87.33 / 87.79
Курс EUR 101.51 / 102.51
Курс RUB 1.115 / 1.136
Курс KZT 0.144 / 0.180
USD USD
87.33 / 87.79
EUR EUR
101.51 / 102.51
RUB RUB
1.115 / 1.136
KZT KZT
0.144 / 0.180

Аялдардын ишкердиги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Улуттук банк ишкер аялдарды каржылоо Кодексинин ишке киргизүүнү демилгелейт

4-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишкер аялдарды каржылоо кодексин расмий ишке киргизүү аземин өткөрдү. Ага КРнын Улуттук банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кепилдик фондунун, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин, кредиттик бюролордун өкүлдөрү катышты.
Аялдардын ишкердиги үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр: Улуттук банк ишкер аялдарды каржылоо Кодексинин ишке киргизүүнү демилгелейт

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен өнөктөштүктө иштелип чыккан бул стратегиялык демилге финансылык кызматтардын аялдарга жеткиликтүү болушун жогорулатууга жана алардын экономикалык потенциалын толук ишке ашырууга багытталган.

Кодекске Кыргызстандын 10 алдыңкы финансы институттары кошулду, алардын ичинен 7 коммерциялык банк – «Компаньон Банк» ЖАК, «Бакай Банк» ААК, «Оптима Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК, «Элдик Банк» ААК, «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАК жана «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк», микро каржылык сектордун өкүлдөрү ЖАК «Байлык Финанс» ошондой эле КРнын Кепилдик фонду. 

Кол койгон тараптар аялдардын ишкердигин колдоого комплекстүү мамилени камсыздоо үчүн Кодекстин үч негизги принциптерин – Лидерлик, Иш-аракет жана Маалыматтарды ишке ашыруу боюнча коомдук милдеттенмелерди алышты.

Иш-чара Улуттук банктын маанилүү багыты – аялдардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча демилгелери тууралуу коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатууга багытталган. Иш-чаранын модератору КРнын Улуттук банкынын Көзөмөл методологиясы башкармалыгынын башчысы Элизат Жапарова болду.

«Аялдардын ишкердигин колдоо тар чөйрөдөгү маселе эмес, ал улуттук экономикалык стратегиянын негизги компоненти болуп саналат. Чакан жана орто бизнес секторуна ишкер аялдардын кошкон салымы маанилүү, бул өлкөбүздүн ИДӨсүнүн ири бөлүгүн түзөт. Жакында эле «аялдардын ишкердиги» түшүнүгү мыйзамдуу түрдө бекитилген Кодекстин ишке кириши финансы секторунун ресурстарын топтоо, аларды экономиканын стратегиялык маанилүү сегментин өнүктүрүүгө багыттоо үчүн бекем институционалдык негизди түзөт. Биздин иш-аракеттер чакырык эмес, иштеп жаткан рынок механизмдерин түзүү. Улуттук банк өз милдеттенмелерин ырастайт жана ишкер аялдарды каржылоо – бүтүндөй банк сектору үчүн стратегиялык жана коммерциялык жагымдуу боло турган экономикалык негизделген шарттарды түзөт. Бул узак мөөнөттүү институционалдык иш», – деп белгиледи Улуттук банктын төрагасы Мелис Тургунбаев. 

Ал кошумчалагандай, ишкер аялдар олуттуу салым кошкон чакан жана орто бизнес сектору республиканын ИДПсынын чоң бөлүгүн түзөт.

Мелис Тургунбваев өнөктөштөрдүн биргелешкен иши үчүн ыраазычылык билдирип, бардык каржы институттарын тарыхый демилгеге кошулууга чакырды.

Андан соң Кыргыз Республикасындагы, Тажикстан Республикасындагы жана Түркмөнстандагы ЕРӨБдүн аймактык башчысы Айтен Рустамова, Кыргызстан банктар союзунун президенти Анвар Абдраев, КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов сөз сүйлөштү. 

«Биз аялдардын ишкердиги - бул бир гана чакан бизнес деп эсептейбиз. Биринчиден, биз ишкердик чөйрөнү издеп жатабыз. Биз аялдарды ири корпорациялардын жана уюмдардын лидерлигине үндөйбүз. Биздин азыркы өсүш да ишкер аялдардын аракетинин аркасында», - деди КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары Санжар Болотов өз сөзүндө. 

 «Бүгүн ишкер аялдар үчүн эң сонун күн, анткени алар Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө маанилүү роль ойношот. Микрофинансы сектору бизнестеги аялдарды жигердүү колдоп келген каржы секторунун бир бөлүгү. Эреже катары, аялдар дайыма чакан насыя алып, өнүгүп, анан орто жана ири бизнеске киришет. Кодекске кол коюу бул алардын өнүгүүсүнө дагы да  түрткү болот. Кодекске кол коюлгандан кийин каржы институттары аялдар үчүн атайын программаларды иштеп чыгып, аларга активдүү колдоо көрсөтөт деп ойлойм. Бүгүнкү күндө микрофинансы секторунда 400 миңден ашык насыя алуучу болсо, алардын 50%дан ашыгын аялдар түзөт. Бизде канча ишкер айым бар экенин элестете аласызбы? Алардын ролу көзгө көрүнбөйт, бирок чындыгында көп нерсе аялдардын мойнунда», - деп билдирди Микрофинансылык уюмдар ассоциациясынын аткаруучу директору Лада Орузбаева ЖМК өкүлдөрүнө.

Кодекстин презентациясы учурунда иш-чаранын өнөктөшү, ConsumerCentriX өкүлү Анна Гинчерман сөз сүйлөдү.

Улуттук банк ишкер аялдарга кредиттин жеткиликтүү болушун жөнөкөйлөтүүгө, каражатты берүүгө финансылык уюмдарга дем берүүгө багытталган негизги өзгөртүүлөр сунуштады.Иш-чаранын соңунда КР Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Бектур Алиев күрөөсүз насыя берүү кеңейтилгендигин билдирди. 

«Резервдерге карата талаптар да кыскартылды. Эми банктар аялдардын ишкердигин колдоо программаларынын алкагында берилген кредиттер боюнча потенциалдуу жоготууларды жана зыяндарды жабуу үчүн болгону 1% өлчөмүндө резерв түзө алышат. Бул чара банктар үчүн тобокелдиктерди түздөн-түз азайтат, мындай кредиттердин кирешелүүлүгүн жогорулатат жана кошумча капиталды андан ары кредиттөө үчүн бошотот »,, — деди төраганын орун басары.

Сүрөт: Улуттук банк жана Banks.kg

Башкы сүрөттө: Кодекске кол коюп жаткан финансылык уюмдардын өкүлдөрү 

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.