Өлкөдө ишкер аялдарды каржылоо Кодекси ишке кирди. Бул аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларга финансылык колдоо гана эмес, бизнести ийгиликтүү башкаруу үчүн керектүү билим жана инструменттер менен камсыз кылат.
4-июлда Бишкекте Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы ишкер аялдарды каржылоо кодексин расмий ишке киргизүү аземин өткөрдү. Ага КРнын Улуттук банкынын, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын, Кепилдик фондунун, мамлекеттик органдардын, коммерциялык банктардын, финансы-кредиттик мекемелердин, кредиттик бюролордун өкүлдөрү катышты.