Депутаттар SIM-карталардын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү жана жеке маалыматтарды коргоону талап кылышууда

Жеке маалыматтарды коргоо жана санарип алдамчылыгына каршы темалары ЖКтин комитетинин бүгүнкү жыйынындагы негизги маселелери болду, алар Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алышты.

Депутаттар SIM-карталардын ишине көзөмөлдү күчөтүүнү жана жеке маалыматтарды коргоону талап кылышууда
Сүрөт: ЖК

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди. 

16-мартта, Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети жыйында Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды. Аны менен аталган агенттиктин директору Кутман Мамыров тааныштырды.

Талкуу маалында депутат Гүлай Машрапова жарандардын биометрикалык жана жеке маалыматтарын коргоонун механизмдери жана кепилдиктери тууралуу маселе көтөрдү. Ал эми депутат Гүлшаркан Култаева мессенджерлерде алдамчылык аракеттери көбөйүп жатканын айтып, жарандардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн санариптик сабаттуулугун жогорулатуу зарылдыгына көңүл бурду. 

Кутман Мамыров алдамчылыктан коргонуунун натыйжалуу ыкмаларынын бири эки факторлуу идентификацияны колдонуу экенин белгилеп, социалдык тармактарга жеке маалыматтарды жайгаштырбоого чакырды. Ал ошондой эле агенттик тарабынан мамлекеттик органдар арасында санариптик коопсуздукту сактоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Депутат Салтанат Аманова SIM-карталардын ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын белгилеп, акыркы учурларда телефон аркылуу жасалган алдамчылык аракеттер көбөйгөнүн, шылуундар алдамчылык чалууларын жасоодо көбүнчө чет өлкөлүк номерлери бар SIM-карталарды колдонушарын кошумчалады. 

Ошондой эле, бир катар депутаттар жарандардын жеке маалыматтары мамлекеттик маалыматтык системалардан чыгып кеткен учурларда жоопкерчилик маселесине кызыгышты.   

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.