Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

«Манас» аэропортунда акча каражатын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду

Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери тарабынан ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу чет өлкөлүк валютада акча каражаттарын мыйзамсыз өткөрүү фактысы аныкталды.

«Манас» аэропортунда акча каражатын мыйзамсыз ташып чыгуу фактысына бөгөт коюлду
Сүрөт: МБК

Бул тууралуу аталган кызматтан кабарлашты. 

Аныкталгандай, «Манас» эл аралык аэропортунда бажы көзөмөлүнөн өтүү учурунда Өзбекстандын (А.А.У.) аттуу жараны Кыргызстандан бажылык декларациялоосуз жана ЕАЭБдин бажы чек арасы аркылуу акча каражаттарын өткөрүүнүн белгиленген тартибин бузуу менен 28 миң 160 АКШ долларын мыйзамсыз ташып чыгууга аракет кылган.

Факт боюнча КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.

Буга чейин Banks.kg порталы Орусиянын жараны 177 миллион рубль накталай акчаны Бишкекке алып чыгам деп аракет кылып, бирок Махачкала аэропортундагы бажы көзөмөлүндө кармалганы тууралуу маалымдаган.

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.