Бул тууралуу федералдык бажыдан билдиришти.
Аталган жаран бул сумманы кыймылсыз мүлкүн сатуудан кийин алганын айтып, тиешелүү документтерин көрсөткөн. Бирок документтер мыйзам талаптарына жооп бербегендиктен, накталай акчаны алып чыгууга уруксат берилген эмес.
Орусиянын федералдык бажы кызматы 2026-жылдын 1-апрелинен тарта ЕАЭБ өлкөлөрүнө 100 миң доллар эквивалентинен ашкан накталай акча алып чыгууда каражаттын мыйзамдуу келип чыгышын тастыктаган документтерди көрсөтүү зарыл экенин эскертти. Бул чектөө Кыргызстан, Казакстан, Беларусь жана Армения багытындагы сапарларга тиешелүү.
Бул талап бир гана накталай рублга байланыштуу. Мисалы, АКШ доллары, евро жана башка чет өлкөлүк валюталарга бул чектөө колдонулбайт. Көпчүлүк жарандар үчүн бул өзгөрүүлөр кадимки сапарларга таасир этпейт, анткени белгиленген чек туристтер адатта алып жүргөн суммалардан кыйла жогору. Ошол эле учурда жаңы эрежелер ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү өнөктөштөрү менен эсептешүү үчүн ири суммадагы накталай акча ташыган ишкерлерге жана башка адамдарга тиешелүү болушу мүмкүн.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.