Для вашего удобства эта новость также доступна на русском языке.Читать

Кыргызстанда эмгек мигранттарын милдеттүү түрдө медкароодон өткөрүүнү киргизүү сунушталды

Чет элдик жумушчуларды милдеттүү түрдө медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул чара республикага эмгек мигранттарынын агымы көбөйүп жаткан шартта, инфекциялардын алдын алуу максатында киргизилүүдө.

Кыргызстанда эмгек мигранттарын милдеттүү түрдө медкароодон өткөрүүнү киргизүү сунушталды
Сүрөт: WWW

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. 

Саламаттык сактоо жана миграция чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына («Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө», «Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Дастанбек Жумабеков. 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басарынын билдирүүсүнө ылайык: 

  • 2022-жылы 11 165 чет өлкөлүк жаран иштөөгө уруксат алган. Ошону менен бирге бул жылга мамлекет тарабынан белгиленген квота 16 610 адамды түзгөн.
  • 2023-жылы республикада расмий иштеген чет өлкөлүктөрдүн жалпы саны 12 161 адамды түзгөн. Квота 16 579 адамды түзгөн. 
  • 2024-жылы белгиленген квота 22 956 адамды түзгөн, ал эми чет өлкөлүк жумушчу күчүнө иштөөгө уруксат 17 960 адамга берилген.

Кыргызстанга келген эмгек мигранттарынын санынын өсүү темпи байкалууда. Бул өз кезегинде эмгек мигранттары тарабынан жугуштуу ооруларды алып келүү жана жайылтуу мүмкүндүгүн жогорулатат.

«Тышкы эмгек миграциясы жөнүндө» КРнын мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

8-статья төмөнкүдөй мазмундагы алтынчы абзац менен толукталсын:

«Кыргызстанга эмгектик иш-аракетин жүзөгө ашыруу максатында келген эмгекчи-мигранттар айланасындагылар үчүн коркунуч жараткан оорулардын жоктугун тастыктоо үчүн милдеттүү алдын ала (эмгектикиш-аракетин баштаганга чейин) жана мезгил-мезгили менен (уруксат документтердин колдонулуу мөөнөтүн узартууда) медициналык күбөлөндүрүүдөн өтүүгө милдеттүү. Мындай оорулардын тизмеги, күбөлөндүрүүдөн өтүүнүн тартиби жана мөөнөтү министрлер кабинети тарабынан аныкталат». 

«Кыргыз Республикасында жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» КРнын мыйзамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

 55-берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:

«Эмгектик ишти жүзөгө ашыруу үчүн келген чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды милдеттүү медициналык күбөлөндүрүү, Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аккредитацияланган медициналык уюмдар тарабынан жүргүзүлөт”. 

Чет өлкөлөрдөгү чет элдик жумушчуларды медициналык күбөлөндүрүүдөн өткөрүүнү милдеттүү кылуу боюнча сунуштардын салыштырма-укуктук талдоосу дүйнөлүк практикага толугу менен шайкеш келет. 

Көптөгөн, айрыкча миграция жогорку деңгээлдеги өлкөлөр, өз калкынын ден соолугун жана улуттук саламаттык сактоо тутумун коргоо үчүн мындай чараларды колдонушат. 

Мындай талаптар коюлган өлкөлөр (БАЭ, АКШ, Орусия, Казакстан, Австралия жана Корея Республикасы) оорулардын тизмесине: ВИЧ, кургак учук (активдүү), лепра; айрым кесиптер үчүн - B жана C гепатити, сифилис жана башкалар кирет. 

Комментарии

Пока нет комментариев

Будьте первым, кто оставит комментарий!

Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.