2026-жылдын 6-февралынан тарта «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилгечи болуп Жогорку Кеңештин депутаты Гулнара Акимбаева чыкты.
Маалымкат-негиздемеде белгиленгендей, мыйзам долбоору эмгек акыны индексациялоону анын реалдуу мазмунун камсыз кылуунун мыйзамдык механизми катары бекитүү максатында иштелип чыкты. Долбоордун негизги милдети бюджеттен каржыланбаган уюмдарда эмгек акыны индексациялоого карата бирдиктүү укуктук ыкмаларды белгилөө болуп саналат.
Баяндоо бөлүгүндө жазылгандай, Конституция ар бир адамдын эмгекке жана татыктуу сый акы алууга болгон укугун кепилдейт, ал эми колдонуудагы Эмгек кодекси эмгекке акы төлөөнүн адилеттүүлүк принцибин бекитет. Бирок, 2025-жылы кабыл алынган кодекстин жаңы редакциясында айлык акыны милдеттүү түрдө индексациялоо тууралуу түз көрсөтмө жок. Демилгечилердин пикиринде, бул кызматкерлердин коргонуу деңгээлин төмөндөтөт.
Маалыматка ылайык, өлкөдө экономиканын олуттуу өсүшү бар: тактап айтканда, ички дүң продукциянын көлөмү 2018-жылы 550,4 млрд сомду, ал эми 2024-жылы 1 трлн 454,3 млрд сомго жеткен. Ошол эле учурда 2014-жылдан 2024-жылга чейинки мезгилде керектөө бааларынын индекси 68,2 пайызга өскөн, бул калктын кирешелеринин реалдуу сатып алуу жөндөмдүүлүгүнүн олуттуу төмөндөшүн көрсөтөт.
Буга байланыштуу Эмгек кодексинин 91-беренесин керектөө бааларынын өсүшүнө жараша эмгек акыны индексациялоо жөнүндө норма менен толуктоо сунушталууда. Ага ылайык, бюджеттик уюмдарда индексациялоо мыйзамда белгиленген тартипте жүргүзүлөт, бюджеттик эмес уюмдарда индексациялоонун тартиби, шарттары жана мезгилдүүлүгү жамааттык келишимдер, макулдашуулар же иш берүүчүнүн жергиликтүү актылары менен аныкталат.
Индексациялоо механизмин бекитүү инфляция шартында кызматкерлердин кирешесин коргоо боюнча мамлекеттик кепилдиктерди күчөтүүгө жана жарандардын социалдык коргоо деңгээлин жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Комментарии
Пока нет комментариев
Будьте первым, кто оставит комментарий!
Чтобы оставить комментарий, необходимо авторизоваться.