Курс USD 85.25 / 85.72
Курс EUR 92.01 / 92.98
Курс RUB 0.871 / 0.900
Курс KZT 0.121 / 0.190
USD USD
85.25 / 85.72
EUR EUR
92.01 / 92.98
RUB RUB
0.871 / 0.900
KZT KZT
0.121 / 0.190

MBANK авиабилеттерди брондоо үчүн MTRAVEL кызматын ишке киргизди

Кыргызстандагы банктардын ичинен биринчи болуп ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK авиабилеттерди брондоо кызматын ишке киргизди.
MBANK авиабилеттерди брондоо үчүн MTRAVEL кызматын ишке киргизди

Жаңы кызмат кардарларга MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу авиабилеттерди сатып алууга мүмкүнчүлүк берет. MBANK Кыргызстандагы авиабилет сатып алуу кызматын өзүнүн банктык тиркемесине киргизген биринчи банк болуп саналат.

MBANKтын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча директору Марат Төралиев MTravel жаңы кызматы тууралуу буларга токтолду:

«MTravel кызматын ишке киргизүү — бул биздин кардарлар үчүн бардык керектүү кызматтарды бир жерге бириктирген санариптик экосистеманы түзүү боюнча стратегиябызды ишке ашыруудагы маанилүү кадам.

Биздин максат – саякатты пландаштыруу процессин мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана коопсуз кылуу. Авиабилеттерди сатып алуу кызматын банк тиркемесине интеграциялоо тез брондоо, коопсуз төлөө жана атайын сунуштарга ээ болуу үчүн кардарларга уникалдуу артыкчылыктарды берет».

MTravel кызматынын негизги артыкчылыктары:

  • Баары бир тиркемеде: Эми кошумча тиркемелерди жүктөөнүн же жеке маалыматтарыңызды кайра толтуруп киргизүүнүн кажети жок. Бардык аракеттер кадимки MBANK мобилдик тиркемесинде.
  • Маалыматтарды сактоо: Колдонуучунун бардык керектүү маалыматтары системада сакталып калат, бул ар бир сатып алууда маалыматтарды кайра киргизүү зарылдыгын жокко чыгарат.
  • Жөнөкөй жана оңой: Колдонуучуга ыңгайлуу интерфейс эң жакшы баада авиабилеттерди тез табууга жана брондоого мүмкүндүк берет.
  • Коопсуз төлөм: Билеттер коопсуз төлөм системалары аркылуу төлөнүп, маалыматыңыздын корголушун камсыз кылат.
  • Атайын сунуштар жана арзандатуулар: MBANK кардарлары үчүн авиабилеттерди сатып алууда уникалдуу арзандатуулар жана жарнамалар бар, бул саякаттоону дагы жеткиликтүү кылат.
  • Башка кызматтар менен интеграциялоо: MTravel MBANKтын башка кызматтары менен тыгыз интеграцияланып, кардарлар үчүн максималдуу ыңгайлуулукту камсыз кылат.

Жаңы кызматты пайдалануу үчүн MBANK мобилдик тиркемесинин акыркы нускасын жаңыртып туруу жетиштүү. Эми сиз «Кызматтар» бөлүмүнөн MTravel жаңы пунктун таба аласыз, авиабилеттерди издеп жана брондоону баштасаңыз болот.

Тиркемени App Store жана Google Play аркылуу жүктөп алууга болот.

MBANK – Биринчи санарип!

КР УБнын лицензиясы №014

1213
2024-07-22T12:33:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.