MBANK ишкерлерге программалык ККМди акысыз тартуулайт
Ишке киргизилген программалык ККМдин аркасында азыр физикалык кассалык аппаратты сатып алуунун жана туташтыруунун жана ай сайын абоненттик төлөмдү төлөөнүн кереги жок - мунун бардыгын MKASSA тиркемесинде жана акысыз жасоого болот.
«Биз ар дайым ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө аракет кылабыз жана MKASSA бизнес үчүн керектүү инструменттердин бири болуп саналат, тиркеменин алкагында сиз каалаган финансылык транзакцияларды жасай аласыз, Visa, ЭЛКАРТ жана QR төлөмдөрү аркылуу накталай эмес төлөмдөрдү кабыл ала аласыз. Кошумчалай кетсек, азыр MBANK QR аркылуу төлөө үчүн комиссия 0% түзөт», - деп белгилейт банкта.
Программалык ККМ чектери жана электрондук төлөмдөр менен бардык операциялар смартфондогу MKASSA ыңгайлуу интерфейси аркылуу же толугу менен АКЫСЫЗ берилген ыңгайлуу SmartPOS терминалында жүргүзүлөт.
Ишкерлер үчүн программалык ККМди акысыз орнотуу 2024-жылдын 31-январына чейин жеткиликтүү.
Заявка тапшыруу үчүн:
- MKASSA тиркемесин App Store’дон жүктөп алыңыз же Google Play аркылуу
- Шилтеме аркылуу заявка калтырыңыз.
Акцияга кошулууга шашылыңыз жана смартфонуңузду толук кандуу POS терминалга айлантыңыз, ошондой эле QR төлөмдөрүн комиссиясыз кабыл алыңыз.
Акысыз алуу боюнча бардык суроолор менен (0770) 33-33-29 телефон номерине байланышып MBANKтын тейлөө-борборуна кайрылыңыз.
Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.