Курс USD 83.60 / 84.39
Курс EUR 90.52 / 91.47
Курс RUB 0.954 / 0.991
Курс KZT 0.122 / 0.195
USD USD
83.60 / 84.39
EUR EUR
90.52 / 91.47
RUB RUB
0.954 / 0.991
KZT KZT
0.122 / 0.195

MBANK өз кардарларына дагы 2 миллион белек кылды

Жакында MBANKтын «Миллиондор оюну» акциясы жыйынтыкталмакчы жана жеңүүчүлөрдүн саны күн санап өсүүдө. «Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК | MBANKтын 100 миң сом жана 1 млн сом акчалай байгелеринин ээси болуп дагы 10 жеңүүчү аныкталды.
MBANK өз кардарларына дагы 2 миллион белек кылды

Жеңүүчүлөрдүн географиялык жактан кулач жайганы бизди кубандырды. Белектерин өз колуна алып, кубанычтуу кабарлары менен тең бөлүшүү үчүн Ош, Нарын, Баткен жана Жалал-Абаддан бери келишүүдө. Салтанаттуу иш-чара 2024-жылдын 21-майында банктын башкы кеңсесинде банктын жетекчилигинин жана амбассадорлорунун: Канат Шабданбеков, Кутман Айылчиев жана Ростислав Ященконун катышуусунда өттү.

Нарын шаарынын тургуну Аймедина айым MBANK тиркемесин көптөн бери колдонуп келет жана акция боюнча толук маалыматы болгон, бирок жеңүүчүлөрдүн катарын толуктап, болгондо дагы миллион сом утуп алам деген ой оюна дагы келген эмес:

«Мен MBANK тиркемесин көптөн бери колдонуп келем жана бул сумма мен үчүн белек болду. Түшкөн акча каражатынын жарымын кайрымдуулукка, жарымын өзүмө жумшайм. Ошондо эле, дайыма тиркеме аркылуу сатып алууларды жүргүзөм», - деди ал.

Дагы бир миллионер Адилет мырза - тиркемени жашоосунун ажырагыс бөлүгү катары кабылдайт. Ал накталай акчаны колдонууну дээрлик токтотконун белгилөө менен тиркеме аркылуу бардык жерде төлөм жүргүзө ала турганын айтып өттү.

«Мен MBANK тиркемесин бардык жерде колдоном. Акыркы жолу курулуш материалдарын сатып алууда төлөм жүргүзгөм. Мен курулуш иштеримди бүттүм! Менин үй-бүлөм менин байге утканымды билишпейт. Аларга сюрприз болот. MBANK тиркеси мен үчүн абдан ыңгайлуу, бардык жерде терминалдары бар, төлөмдөрдү каалган жерде, каалаган учурда жүргүзө аласың. Бул тиркемени баарыңыздарга колдонууну сунуштайм», - деп кошумчалады жеңүүчү.

MBANK башкармалыгынын төрагасынын орун басары Улан Жанболотов да кардарлардын сөзүн ырастады. Ал «Миллиондор оюну» акциясынын башкы максаты QR-коддор аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүнү жайылтуу, ошол эле учурда банк өз кардарларын ар дайым колдоого даяр экендигин белгиледи:

«Бул жерге чогулганыбыздын себеби, бүгүн биз «Миллиондор оюну» акциясынын жеңүүчүлөрүн куттуктайбыз. MBANKтын ар бир кардары миллионер боло алат деп ишенебиз жана биз сиздин бизнесиңизди колдоого, инвестициялоого, ыңгайлуу финансылык инструменттерди түзүүгө ар дайым жардам беребиз.

Бүгүн биз жеңүүчүлөргө ыраазычылык билдирүү менен аларды чын жүрөктөн куттуктайбыз, ошондой эле биздин банкка ишеним көрсөткөн ар бир кардарыбызга ыраазычылык билдиребиз. Сиздин жетишкендигиңиз – биздин сыймык, сиздин ийгилигиңиз – биз  үчүн мотивация!»

Пицца буйрутма берип, төлөм жүргүзгөндөн кийин Аделияга жеңүүчү аталган жана бул сатып алуу ал үчүн эң бактылуу мүнөттөрдү тартуулаган.

«Мен тапшырыкты төлөгөн соң дароо эле «Сиз 100 миң сом утуп алдыңыз» деген кабар келди. Мен түшкөн акча каражатын кайда жумшаарымды так билбейм, өз керектөөлөрүмө коротом», - деген пикирин билдирди.

Ошентип, төмөнкү кардарлар 100 миң сом жана 1 миллион сом байгелерин утуп алышты:

  • Адилет К. 1 000 000 сом;
  • Аймедина к. Н 1 000 000 сом;
  • Айтмамат Ш. О 100 000 сом;
  • Алтынбек К. Э 100 000 сом;
  • Максат М. Ж 100 000 сом;
  • Аскар а. К 100 000 сом;
  • Абдиназар б. К 100 000 сом;
  • Жусуп ж. Э 100 000 сом;
  • Наргиза р. Д 100 000 сом;
  • Аделия Р. 100 000 сом.

Акциянын мөөнөтү 2024-жылдын 15-мартынан 2-июнуна чейин уланат. Акциянын эрежелери жана шарттары жөнүндө кененирээк маалыматты https://mbank.kg/million сайтынан таба аласыз.

Акциянын мөөнөтүндө транзакцияларды жүргүзгөндүгү үчүн кардарлар 1 000 000 сомдон жана 100 000 сомдон утушу мүмкүн.

Акцияга катышып, миллионер болуңуз!

MBANK – биринчи санариптик!

1199
2024-06-25T16:06:37+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.