Курс USD 87.12 / 87.61
Курс EUR 101.52 / 102.50
Курс RUB 1.106 / 1.131
Курс KZT 0.141 / 0.182
USD USD
87.12 / 87.61
EUR EUR
101.52 / 102.50
RUB RUB
1.106 / 1.131
KZT KZT
0.141 / 0.182

MBANK жалган маалымат тууралуу эскертет

Мессенжерлерде «MBANK» жөнүндө жалган ушактар пайда болду. Бул – чындыкка дал келбейт! «MBANK» туруктуу иштеп, бардык милдеттенмелерин аткарууда. Банк аброюн коргоо үчүн укук коргоо органдарына арыз берди.
MBANK жалган маалымат тууралуу эскертет

Акыркы убакта мессенжерлерде MBANKтын ишмердүүлүгү жөнүндө жалган маалыматтар кеңири таралууда. Бул маалыматтар таптакыр чындыкка дал келбейт. MBANK туруктуу, кадимки тартипте иштеп, кардарлар алдында алган бардык милдеттенмелерин аткарууда.

Жалган маалыматты атайылап таратуу фактысы боюнча MBANK тиешелүү укук коргоо органдарына расмий арыз тапшырды. Банк өз аброюн жана кардарларынын кызыкчылыктарын коргоо үчүн бардык зарыл чараларды көрүүдө.

Мындай билдирүүлөр тынчсызданууга себеп болушу мүмкүн, ошондуктан MBANK расмий булактарга гана ишеним артууну сунуштайт. Банктын расмий сайты — www.mbank.kg — актуалдуу жана ишенимдүү маалыматтын негизги булагы болуп саналат.

MBANK кардарлардын бардык суроолоруна жооп берүүгө жана күмөн ойлорду жоюуга ар дайым даяр. 3333 номериндеги колдоо-борборго же жакынкы MBANK бөлүмүнө кайрылыңыз.

Банк ар бир кардарынын ишенимин баалап, кызматтарынын ишенимдүүлүгүнө толук кепилдик берет.

MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы.

Banks.kg маалымат порталы кардарлар тарабынан жайгаштырылган жарнамалык материалдардын мазмуну үчүн жоопкерчилик тартпайт. Жарнамалык макалалардын тактыгы жана мазмунуна болгон жоопкерчилик толугу менен жарнама берүүчүлөргө жүктөлөт.

35
2025-06-26T14:34:23+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.