Курс USD 84.07 / 84.56
Курс EUR 92.69 / 93.67
Курс RUB 0.921 / 0.960
Курс KZT 0.121 / 0.192
USD USD
84.07 / 84.56
EUR EUR
92.69 / 93.67
RUB RUB
0.921 / 0.960
KZT KZT
0.121 / 0.192

MBANK Junior – MBANKтын Кыргызстандагы балдар үчүн алгачкы кызматы

«Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК | MBANK биринчилерден болуп Кыргызстанда балдар үчүн MBANK Junior банктык тиркемесин иштеп чыккандыгын сыймыктануу менен кабарлайт.
MBANK Junior – MBANKтын Кыргызстандагы балдар үчүн алгачкы кызматы

MBANK Junior – MBANK тиркемесине интеграцияланган толук кандуу банк кызматы. Анын жардамы менен жаш өспүрүмдөр өз алдынча төлөмдөрдү жана которууларды жүргүзүү менен эсеп/карта боюнча маалыматтарды көрө алышат, ошондой эле финансылык сабаттуулукту үйрөтөт.

Колдонмодо мобилдик төлөмдөр жана досторуңузга акча которуулар бар. Накталай акчаны каалаган банкоматтан алууга болот.

Ата-энелердин тынчтыгы жана ыңгайлуулугу үчүн төлөмдөрдүн жана которуулардын жеткиликтүүлүгүн, транзакциялардын тарыхын көзөмөлдөө функциясы ишке ашырылган. 7 жаштан 16 жашка чейинки балдар үчүн ата-энелер тарабынан ачылат. 

Бул бардык транзакциялардан кабардар болууга жана керексиз сатып алууларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле, ата-энелер баланын коопсуздугу үчүн эсеп лимиттерин коюп, бюджетин көзөмөлдөө менен каржылык тартипке үйрөтө алышат. 

«MBANK инновациялары биздин кардарлардын жашоосун жөнөкөй жана ыңгайлуу кылууга багытталган. MBANK Junior – бул жөн гана тиркеме эмес, балаңыздын каржылык сабаттуулугун арттыруудагы негизги курал. Биз өз кардарларыбызга финансылык операцияларды тез, оңой жана коопсуз кылган мыкты чечимдерди сунуштай алганыбызга сыймыктанабыз», - деп билдирди Массалык сегменттин санариптик өнүктүрүү департаментинин директору Алмаз Мамырбаев.

MBANK Junior балдар картасынын негизги өзгөчөлүктөрү 

Чыгымдарды контролдоо: ата-энелер каалаган убакта балдардын картасы менен жасалган бардык чыгымдарды текшере алышат. Бул бардык транзакциялардан кабардар болууга жана керексиз сатып алууларга тез жооп берүүгө мүмкүндүк берет.

Чыгымдарга лимит коюу: ата-энелер чыгымдардын ар кандай түрлөрүнө чектөө коюшу мүмкүн, бул баланын бюджетин көзөмөлдөөгө жана каржылык тартипке үйрөтүүгө жардам берет. Мисалы, сатып алуулар үчүн күнүмдүк же жумалык лимит коюуга, ошондой эле накталай акча алуу үчүн жеткиликтүү сумманы чектөөгө болот.

Эсепти толуктоо: ата-эненин аккаунту аркылуу MBANK балдар картасынын эсебин оңой эле толуктаса болот. Бул толуктоо процессин тез жана ыңгайлуу кылат, албетте ата-энелерге баласын дайыма керектүү каражаттар менен камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

Коопсуздук жана коргоо: алдамчылыктын алдын алуу үчүн кошумча коопсуздук чаралары бар. Карта жоголгон учурда, аны дароо жокко чыгарып/кулпулап, тиркеме аркылуу кайра чыгарса болот.

Картанын дизайны: балага жаккан картанын дизайнын тандап, картаны колдонууну ого бетер жагымдуу кылуу мүмкүнчүлүгү.

Балаңызга MBANK Junior тиркемесине кирүү мүмкүнчүлүгүн кантип бере аласыз?

Алгач «Түндүк» мобилдик тиркемесине кирүү мүмкүнчүлүгүңүздү текшериңиз (атасы же энеси).

  • Тиркеменин башкы бетиндеги «MJunior» баннерин ачып, «Баланы кошуу» баскычын басыңыз;
  • Электрондук күбөлүктө көрсөтүлгөн баланын туулгандыгы тууралуу ИННин жана «Түндүк» кызматы аркылуу алууга мүмкүн болгон убактылуу сыр сөздү киргизиңиз;
  • Баланын телефон номурун жазыңыз;
  • MBANK тиркемесине катталуу үчүн баланын өздүк телефонуна келген SMS-кодду ырастаңыз;
  • Каттоо ийгиликтүү аяктады, андан соң балага MBANK тиркемесине кирүү үчүн убактылуу сыр сөз жана SMS жөнөтүлөт.

Андан кийинки кадамдар:

  • MBANK тиркемесин телефонуңузга жүктөңүз;
  • SMS-кодду жана убактылуу сыр сөздү киргизиңиз;
  • Жаңы сыр сөз ойлоп табыңыз;
  • Тиркемеге кирүү үчүн ата-эненин макулдугун сураныңыз. MBANK тиркемесине кирүүнү ырастоо үчүн ата-энеге PUSH-билдирүү келет.

MBANK Junior картасын ачуу жана буйрутма берүү үчүн кийинки кадамдар:

  • Тиркеменин ичинен Ата-эне кабинетине кирип, «Картага буйрутма кылуу» баскычын басыңыз;
  • Балаңыз үчүн карта дизайнын тандаңыз;
  • Шарттар менен таанышып, карта чыгарууга арызды ырастаңыз.

MBANK өз кардарлары үчүн, анын ичинде жаш өспүрүмдөргө ыңгайлуулукту жана коопсуздукту камсыз кылуу менен инновациялык чечимдерди киргизүүнү улантууда.

Банк дүйнөлүк тенденцияларды гана ээрчибестен, финансылык башкарууну жөнөкөй жана туюмдуу, түшүнүктүү кылган уникалдуу сунуштарды түзүү менен алардан алдыда турат. MBANK Junior – бул жаш өспүрүмдөрдүн финансылык сабаттуулугун жана жоопкерчилигин арттырууга карай дагы бир кадам.

«Биз кардарларыбыз менен бирге, ар бир адам өзүн ишенимдүү жана коопсуз сезе турган келечекти куруп жатабыз. Ал эми балдар финансылык жактан сабаттуу жана жоопкерчиликтүү болуп өсүшөт. Биз алардын ишенимин актоо менен ар дайым жанында болобуз», - деп белгилешет банктан.

MBANK Junior – балаңыздын өз алдынча финансылык сабаттуулугу.

1634
2024-08-19T10:01:48+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.