Курс USD 83.60 / 84.39
Курс EUR 90.52 / 91.47
Курс RUB 0.954 / 0.991
Курс KZT 0.122 / 0.195
USD USD
83.60 / 84.39
EUR EUR
90.52 / 91.47
RUB RUB
0.954 / 0.991
KZT KZT
0.122 / 0.195

MBANK жана КФС кыргызстандыктарды футбол боюнча улуттук курама команданы колдоого чакырат

ААК «Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK курама команданын расмий банкы жана Кыргыз футбол союзунун башкы өнөктөшү болуу менен футбол күйөрмандарын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын колдоого чакырат.
MBANK жана КФС кыргызстандыктарды футбол боюнча улуттук курама команданы колдоого чакырат

2024-жылдын 6-июнунда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын улуттук курама командаларынын ортосунда футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпионаты өтөт.

«Өлкөнүн алдыңкы ири банкы биздин курама команданы колдоп, республикада спортту өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканына абдан кубанычтабыз. Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукка көрсөтө турган көп жакшы жактары бар жана өнөктөштөрдүн, күйөрмандардын мындай колдоосу менен биз жогорку натыйжаларга жетебиз деп ишенем», - дейт Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков.

Футбол күйөрмандары үчүн MBANK атайын билеттерди сатып алуу үчүн акция баштады. MBANK тиркемеси аркылуу билеттерди -30% арзандатуу менен сатып алыңыз. Акция 2024-жылдын 3-июнуна чейин уланат.

Матчка билеттерди -30% арзандатуу менен сатып алуу үчүн:

  • MBANK тиркемесин ачыңыз;
  • «Кызматтар» бөлүмүнүн ичине өтүп;
  • «Билеттер» бөлүмүн тандаңыз;
  • «Ticket» аркылуу каттоо жүргүзүңүз. 

Күйөрмандар үчүн семплинг (көргөзмө), фудкорт, мерч сатып алуу, ошондой эле ди-джейдин коштоосунда ар кандай белектер жана конкурстар уюштурулат. 

Эгер бул оюнда курама команда жеңишке жетсе, 2027-жылдагы Азия Кубогуна катышууга жана 2026-жылдагы Дүйнө чемпионатына тандоонун кийинки этабына чыгууга кепилдик ала алышат.

Оюн саат 21:00дө башталат, ал эми стадион өз эшигин көрүүчүлөр үчүн саат 19: 00дө ачат.

Келип, MBANK менен бирге күйөрмандык кылыңыз!

993
2024-07-04T09:22:58+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.