Курс USD 84.07 / 84.56
Курс EUR 92.69 / 93.67
Курс RUB 0.921 / 0.960
Курс KZT 0.121 / 0.192
USD USD
84.07 / 84.56
EUR EUR
92.69 / 93.67
RUB RUB
0.921 / 0.960
KZT KZT
0.121 / 0.192

MBANK «Санарип толкун» жайкы акциясын баштады

«Коммерциялык банк Кыргызстан» ААК | MBANK Ысык-Көлдүн түндүк жээгин камтыган «Санарип толкун» жайкы акциясын кубануу менен жарыялайт.
MBANK «Санарип толкун» жайкы акциясын баштады

Акциянын алкагында банктын активдүү катышуучулары жана кардарлары үчүн атайын белектер даярдалган.

«Санарип толкун» акциясынын катышуучуларын эмне күтөт?

MBANK саратан жай чилдеде Ысык-Көлдүн түндүк жээгиндеги пансионаттарды түрө кыдырып, өз кардарлары үчүн кызыктуу иш-чараларды уюштурат. Анын алкагында кардарлар MBANKтын соңку санарип өнүмдөрү менен таанышып, акцияга активдүү катыша алышат. 

Акциянын ар бир катышуучусу баалуу байгелерди утуп алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Оюндар жеринде ойнотулуп, катышуучулар белектерин дароо колго алышат. 

Кантип катышууга болот?

Акцияга ар бир жаран катыша алат. Бул үчүн «Санарип толкун» акциясынын жүрүү графигине көз салып, пансионаттарда өтө турган иш-чараларга катышуу гана жетиштүү.

Учурдагы жайгашкан жер жана алдыдагы иш-чаралар жөнүндө маалыматты өткөрүп жибербөө үчүн биздин веб-сайттан жана официалдуу социалдык тармактагы баракчаларыбыздан кабардар болуңуз. 

«Санарип толкун» акциясына кошулуп, MBANK менен санарип мүмкүнчүлүктүн кеңири дүйнөсүнө сүңгүңүз.

Акция 27.06.2024-жылы башталып, 31.08.2024-жылга чейин уланат.

Акциянын расмий бет ачары 28-июнда айтылуу «Morandi» тобунун концерти өтүүчү Bobo Barдын («Чайка Резорт» пансионатында) ачылышында өтөт.

Boho bar MBANK’тын расмий өнөктөшү болуп саналат, ошондуктан Банктын кардарлары быйылкы эс алуу сезонунда бардык концерт билеттерин эксклюзивдүү 5% арзандатуу менен пайдалана алышат. Арзандатууну алуу үчүн билеттерди MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алуу керек.

MBANK толкунунда бол!

MBANK – биринчи санарип!

КР УБ лицензиясынын № 014

1478
2024-07-29T13:03:37+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.