Курс USD 87.33 / 87.80
Курс EUR 102.55 / 103.55
Курс RUB 1.102 / 1.128
Курс KZT 0.141 / 0.181
USD USD
87.33 / 87.80
EUR EUR
102.55 / 103.55
RUB RUB
1.102 / 1.128
KZT KZT
0.141 / 0.181

MBANK БАЭдеги эки алдыңкы коммерциялык банктарда БАЭ дирхамдары менен корреспонденттик эсептерди ачты

ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» MBANK Бириккен Араб Эмираттарынын алдыңкы банктары – Abu Dhabi Islamic Bank жана Mashreq Bank менен дирхамда түз корреспонденттик эсептерди ачууну кубаныч менен билдирет.
MBANK БАЭдеги эки алдыңкы коммерциялык банктарда БАЭ дирхамдары менен корреспонденттик эсептерди ачты

Бул кызматташуу банктын ишмердүүлүгүнө комплекстүү аудит жүргүзүүнүн натыйжасында мүмкүн болду жана ААК «Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» | MBANK ишенимдүү жана жоопкерчиликтүү өнөктөш банк катары тандоосун көрсөтөт.

«БАЭ дирхамынын жаңы эсептери биздин кардарларыбызга төлөм географиясын кеңейтүүгө жана валютаны конвертациялоо үчүн кошумча альтернативаларды түзүүгө мүмкүндүк берет. Кардарга багытталган баалуулукка таянуу менен, биз кардарларыбыздын жогорку ишенимин актап, дүйнө жүзү боюнча өнөктөш банктардын тармагын кеңейтүүнү улантабыз», - деп белгилейт ААК «Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН» Башкармалыгынын Төрагасы Бектур Алиев.

Жаңы мүмкүнчүлүктөн пайдалануу үчүн сизге төмөнкүлөр керек:

Жеке адамдар үчүн

MBANK тиркемесинде «Төлөмдөр» бөлүмүнө өтүңүз - андан кийин «Которуулар» категориясынан – «SWIFT которуулар» тандаңыз. Сумманы киргизиңиз, которуу валютасын тандаңыз жана банктын реквизиттерин көрсөтүңүз.

Юридикалык жактар үчүн

Mbusiness тиркемесинде онлайн дирхам менен эсеп ачуу, «Банктар аралык чет элдик валютадагы которуу» бөлүмүнө өтүп, жаңы төлөм түзүү, талап кылынган талааларды толтуруу жана алуучунун реквизиттерин жана банктык реквизиттерди киргизүү.

3928
2025-06-02T18:35:30+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.