Курс USD 87.31 / 87.80
Курс EUR 97.36 / 98.36
Курс RUB 1.065 / 1.106
Курс KZT 0.117 / 0.187
USD USD
87.31 / 87.80
EUR EUR
97.36 / 98.36
RUB RUB
1.065 / 1.106
KZT KZT
0.117 / 0.187

Чендердин төмөндөшү: MBANK 19,99% чен менен онлайн-кредит берүү акциясын баштады

«Коммерциялык банк Кыргызстан» | MBANK онлайн-кредит берүү акциясын ишке киргизгендигин жарыялайт, анда кардарларга төмөндөтүлгөн 19,99 %дык чен менен насыя алууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берилет.
Чендердин төмөндөшү: MBANK 19,99% чен менен онлайн-кредит берүү акциясын баштады

«MBANK кардарлардын кызыкчылыгын дайыма биринчи орунга коёт. Албетте биз жайкы сезон жана өргүү учурундагы каржы маселелеринин маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Ошондуктан банк 19,99%дык чен менен онлайн-кредит берүү акциясын баштоо менен кардарлардын каржылык максаттарына жетүүгө өбөлгө түзөт», - деп белгилейт Башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары Кайратбек Суранаев.

Акциянын негизги максаты - кардарлардын керектөөлөрү үчүн ыңгайлуу шарттар менен насыя алуу мүмкүнчүлүгүн берүү. Төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен насыянын ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрү кыйла жеңил болот, бул сиздин финансыңызды натыйжалуу башкарууга жана пландарыңызды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

Акциянын артыкчылыктары

  1. Пайыздык чендин төмөндөшү: 19,99% га чейин төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен насыя алуу мүмкүнчүлүгү, бул ай сайын төлөнүүчү төлөмдөрдү кыскартууга мүмкүндүк берет.
  2. Керектөөлөр үчүн насыя: Насыяны каалаган муктаждыктарыңызга сарптай аласыз, мисалы бир буюм сатып алуу, саякаттоо, окутуу ж.б.
  3. Оңой жана ыңгайлуу: Документтердин минималдуу пакети жана өтүнмөнү тез карап чыгуу.
  4. Онлайн насыя: MBANK тиркемеси аркылуу насыя алуу мүмкүнчүлүгү.

Акция 2024-жылдын 19-июлунан 31-июлуна чейин уланат. Каржылык шартыңызды жакшыртуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз, MBANK’тын пайдалуу сунушун колдонуңуз!

Акцияга кантип катышуу керек?

Акцияга катышуу үчүн алгач MBANK тиркемеси аркылуу онлайн режимде арыз калтырыңыз.

  • MBANK тиркемесин ачыңыз;
  • «Онлайн насыя» баскычын басыңыз;
  • Керектүү маалыматтарды толук киргизиңиз;
  • Даяр!

MBANK — Биринчи санарип!

3030
2024-08-20T11:18:42+06:00

Комментариев нет. Авторизуйтесь, чтобы оставить комментарий.